Талас облусунда инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлорду ишке ашырууга 11 млрд сомго жакын каражат багытталды. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев билдирди. Анын айтымында, каражаттар шаардык инфраструктураны, туризмди, билим берүүнү жана айыл чарба өндүрүшүн өнүктүрүүгө жумшалууда. Талас шаарында жаңы социалдык жана билим берүү объектилери, 5,3 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курулуп, жолдор, көп кабаттуу үйлөрдүн […]Читать далее
Ош шаарындагы Курманжан датка муниципалдык аймактык башкармалыгынын аймагында 15 гектар аянтты ээлеген жаңы заманбап сейил бак пайдаланууга берилди. Муниципалитеттен билдиришкендей, сейил бактын аймагы жашылдандырылып, гүлдөр отургузулуп, эстетикалык инсталляциялар жана декоративдүү жарыктандыруулар орнотулган. Жаңы эс алуу жайы шаар тургундары жана коноктору үчүн үй-бүлөлүк сейилдөөгө ыңгайлуу шарт түзөт. Анын ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев баштаган […]Читать далее
Талас облусунда “Манас Ордо” улуттук комплексин реконструкциялоо жана жаңылоо иштери аяктоо алдында турат. Аймактагы пресс-турдун алкагында журналисттерге комплексте жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшү көрсөтүлдү. Президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаевдин айтымында, учурда комплекстин аймагындагы негизги реконструкция иштери соңуна чыгып калды. “Долбоордун алкагында кыргыздын улуттук боз үйүнүн формасында жаңы 7 имарат курулду. Алардын ар бири Кыргызстандын 7 […]Читать далее
Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнүн 35 жылдыгына карата Нарын облусунда 10 объектти пайдаланууга берүү пландалууда. Президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, алардын арасында 6 мектеп, административдик имарат, бала бакча жана 2 өндүрүштүк ишкана бар. Объектилердин даярдыгы менен президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары Эркинбек Чекирбаев таанышты.Читать далее
Талас облусунда Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгын белгилөөгө даярдыктын алкагында облуска кире бериштеги арка реконструкцияланды. Бул тууралуу президенттин өкүлү Эрмат Жумаев билдирди. Анын айтымында, иштер президенттин тапшырмаларына жана Талас облусун өнүктүрүү стратегиясына ылайык жүргүзүлүүдө. “Долбоордун алкагында кире бериш арка жаңыланып, эс алуу жайынын курулушу аяктады. Аны 4-5-сентябрда пайдаланууга берүү пландалууда. Ошондой эле Манаска арналган эстелик толук […]Читать далее
28-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көлдө VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу жол кыймылы убактылуу өзгөрөт. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, иш-чарага байланыштуу жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо максатында жеңил унаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. “Анын алкагында Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин жол убактылуу бир тараптуу багытта уюштурулат”, – деп айтылат […]Читать далее
Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун Кеч-Алат дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөсүнүн курулушу уланууда. Бул тууралуу ”Чайна Рэйлвей Интернэшнл“ ЖЧКсынан билдиришти. Маалыматка ылайык, көпүрөнүн жалпы узундугу 956,67 метрди түзөт. Эң бийик тирөөчүнүн бийиктиги 96 метр болсо, көпүрөнүн жалпы бийиктиги 122 метрге жетет. Компаниянын маалыматына караганда, бул темир жолдун бардык багытындагы эң […]Читать далее
Ош облусунда 2026-жылы жалпысынан 500 чакырым жолду асфальттоо пландалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Анын ичинде Араван районунда республикалык бюджеттин эсебинен 80,8 чакырым жолго асфальт төшөө каралган. Буга чейин Ноокат – Араван – Дөбө-Коргон багытындагы 6,4 чакырым, Партсъезд – Ленин багытындагы 4 чакырым жана Уйгур-Абад – Лангар – Дөбө-Коргон багытындагы 8,1 чакырым жол асфальтталып, […]Читать далее
Баткен облустук өнүктүрүү фондунун кезектеги жыйынында аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган 16 долбоор каралды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, жыйындын жүрүшүндө долбоорлордун максаттары, күтүлгөн натыйжалары жана ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, белгиленген талаптарга жооп берген 8 долбоор колдоого алынды. “Аталган долбоорлор аймактарды өнүктүрүүгө, калктын жашоо шартын жакшыртууга, ишкердикти колдоого жана жаңы жумуш орундарын түзүүгө багытталган”, – деди ал. […]Читать далее
Ош шаарында 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча штабдын жыйыны өтүп, жылытуу мезгилине даярдык иштеринин жүрүшү талкууланды. Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйын мэрдин орун басары Эрнис Толтоевдин жетекчилиги алдында өтүп, анда тиешелүү мекеме-ишканалардын даярдыгы тууралуу маалыматтар угулду. Ош шаарынын жылуулук электр борборунда 3 буу казаны даярдалып, 3 миң 115,3 тонна мазут ташылып келинген. Ал эми “Ошжылуулукэнерго” муниципалдык […]Читать далее