Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев тиешелүү мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрүнүн катышуусунда Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу, ишке киргизүү жана пайдаланууга берүү долбоору боюнча потенциалдуу инвесторлордун сунуштарын изилдөө боюнча уюштуруу комитетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Отурумда “Электр станцияларын куруу дирекциясы” ААК тарабынан Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоорун ишке ашырууну тездетүү максатында, бул долбоорго улуттук долбоор статусун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) Түштүк-Чыгыш Европа, Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Манфред Профаци менен жолукту. Эдил Байсалов өз сөзүндө Кыргыз Республикасы менен кызматташуусуна жана 1997-жылдан бери жалпы суммасы 33 млн долларды түзгөн 80ден ашуун миграциялык долбоорлорго колдоо көрсөтүп келе жаткан ЭМУнун аймактык […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев айыл чарба жана агроөнөр жай комплексиндеги көйгөйлүү маселелерди талкуулаган жыйын өткөрдү. Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, ошондой эле Агроөнөр жай комплексин өнүктүрүү ассоциациясынын өкүлдөрү катышты. Жыйындын жүрүшүндө Ассоциациянын өкүлдөрү айыл чарба тармагындагы бизнестин учурдагы абалы жана көйгөйлөрү тууралуу айтып, өзгөчө жумушчу күчү жана квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын ишине “Калктын ишеним индекси” жөнүндө жобо бекитилди. Чечим Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын ишине калктын ишеним деңгээлин өлчөө максатында Министрлер Кабинетинин Башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы […]Читать далее
Экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун, экспорттук потенциалдын өсүшүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук программасы жөнүндө” Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлигине караштуу “Кыргыз Экспорт” экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү борбору” мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө чечим кабыл алынган. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Жыйындын күн тартибинде 20дан ашык маселе белгиленген. Министрлер Кабинетинин жыйынын ачып жатып, Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Президентинин Алымкадыр Бейшеналиевди саламаттык сактоо министри, Гүлнара Баатырованы эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри, ошондой эле санариптик өнүктүрүү министри болуп дайындалган […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров 2023-жылдын 3-11-сентябрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн угуусу начар жана дүлөйлөр арасында грек-рим жана эркин күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды. Министрлер кабинетинин башчысы өлкөнүн Президентинин атынан спортчуларды дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген 250 спортчунун арасынан биздин балбандар командалык эсепте ардактуу үчүнчү орунду […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Шэньси провинциясынын Коммунисттик партиясынын партиялык комитетинин катчысы Чжао Идэни кабыл алды. Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын Шэньси провинциясынын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашып, үстүбүздөгү жыл эки өлкө үчүн “бардык […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, күз-кыш мезгилине карата электр энергиясы менен камсыздоо жана курулуп жаткан ГЭСтер тууралуу маалымат берди. Анын билдирүүсүнө ылайык, быйыл жыл аягына чейин 16, ал эми 2024-жылдын аягына чейин 12 ГЭС пайдаланууга берилет. Төмөндө биз министрлер кабинетинин төрагасынын кайрылуусунун толук текстин келтиребиз: “Кайрылуу Урматтуу […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы автобустарды оңдоо жана техникалык тейлөө борборунун салтанаттуу ачылышына, ошондой эле “Zhongtong”компьютердик томографиялык медициналык унаасын тапшыруу аземине катышты. Иш-чараларга Кытай Эл Республикасынын Шаньдун провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Линь У, Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси Ду […]Читать далее