Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жана Министрлер Кабинетинин атынан университеттин жамаатын, студенттерин жана бүтүрүүчүлөрүн юбилейи менен куттуктады. Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Ишеналы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университети өлкөнүн эң эски […]Читать далее
Адылбек Касымалиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Сауд өнүктүрүү фондунун аткаруучу директору Султан Аль-Маршад менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташтыктын учурдагы абалын жана келечегин, ошондой эле биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты. Адылбек Касымалиев Сауд өнүктүрүү фондунун кыргыз-сауд мамилелерин чыңдоого кошкон өзгөчө салымын белгиледи. «Сауд өнүктүрүү фонду менен Кыргызстандын ортосунда жемиштүү кызматташтык уланууда. Фонддун […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы —Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев борбор калаадагы Э.Гареев атындагы Ботаникалык бакка барды. Кароо учурунда Министрлер Кабинетинин башчысы бактын аймагынын жана инфраструктурасынын учурдагы абалы менен жеке өзү таанышты. Бактын кызматкерлери жана жетекчилиги мурда аткарылган иштер, учурдагы көйгөйлөр, ошондой эле борбор калаанын бул уникалдуу жашыл аймагын сактоо, өнүктүрүү жана модернизациялоо үчүн зарыл болгон кечиктирилгис […]Читать далее
Саламаттыкты сактоо форуму: алдын алуу, инновациялар жана ден соолукка инвестициялоо
Борбор калаада “Ден соолугу чың адам – гүлдөгөн өлкө” (2019–2030-жылдар) программасын ишке ашыруунун аралык жыйынтыктарына жана тармакты андан ары өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын аныктоого арналган Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо форуму болуп өттү. Форумдун катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов баш сөз менен кайрылды. Ал форумдун саламаттыкты сактоо системасын модернизациялоонун негизги милдеттерин талкуулоо […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн ички рыногун нефть азыктары менен камсыздоо маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө нефть азыктарын жеткирүү, резервдердин көлөмү жана логистика маселелери талкууланды. Жеткирүүлөрдүн туруктуулугуна, ички рынокто тартыштыктын алдын алууга жана күйүүчү-майлоочу материалдарга баанын негизсиз өсүшүнө жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Тиешелүү министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү учурдагы абал жана процесстерди оптималдаштыруу […]Читать далее
Амангелдиев Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү менен жолугушуу өткөрдү
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Европа биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливандын онлайн режиминде жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өнөктөштүктү, саясий диалогду жана соода-экономикалык, инвестициялык чөйрөлөрдөгү өз ара пайдалуу кызматташтыкты жана «жашыл» күн тартибинин алкагында кеңейтүүгө багытталгандыгын ырасташты. Санкциялык күн тартиби боюнча пикир алмашуу болду. Бул контекстте Данияр Амангелдиев […]Читать далее
Бишкекте жол, соцобъекттерге кеткен чыгымдардын натыйжалуулугун текшерүү боюнча комиссия жыйыны
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев социалдык объектилерди жана автомобиль жолдорун курууга жана реконструкциялоого багытталган республикалык бюджеттин каражаттарынын натыйжалуу пайдаланылышын текшерүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын жыйынын өткөрдү. Белгилей кетсек, комиссияны түзүү жөнүндө тиешелүү чечим ушул жылдын августунда кабыл алынган. Документке ылайык социалдык объектилерди куруу жана автомобиль жолдорун куруу боюнча ведомстволор аралык комиссиялар түзүлгөн. Жыйындын жүрүшүндө министрлер […]Читать далее
Президенттин Администрациясында транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун системасын киргизүү маселелери талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев транспорт каражаттарынын электрондук паспортторунун системасын киргизүү маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Кеңешменин жүрүшүндө президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин IT-блогу боюнча директорунун орун басары Нурлан Айдиев долбоордун максаттары, транспорт ээлери жана мамлекеттик органдар үчүн күтүлгөн артыкчылыктар, аныкталган көйгөйлөр жана чакырыктар, ошондой эле аны ишке ашыруунун негизги этаптары жөнүндө толук маалымат […]Читать далее
Минкаб мунай жана мунай продуктуларын экспорттоого убактылуу тыюу салуу эрежелерин
Министрлер кабинети 2021-жылдын 1-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасынан мунайды жана мунай продуктуларын Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салуу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Документте белгиленгендей, өзгөртүүлөр Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине жана “Министрлер кабинети жөнүндө” конституциялык мыйзамдын нормаларына ылайык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунда өзгөчө укуктук режимдеги «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагын жана англис укугун колдонуу менен талаш-тартыштарды жөнгө салуу боюнча көз карандысыз эл аралык борборду түзүү жөнүндө президенттин жарлыгынын, ошондой эле «Өзгөчө укуктук режимдеги жана статусу бар «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагы жөнүндө» мыйзамдын аткарылышы боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Кеңешмеге мамлекеттик […]Читать далее