Президенттин администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө ал президенттине медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сыйлыгын алууга сынакка арыздарды кабыл алуу башталганын билдирди. “Сиздерге маалым болгондой, президент Садыр Жапаров “КР президентинин медиа жана журналистика жаатында жыл сайын ыйгарылуучу “Мейкин” сый акысын уюштуруу […]Читать далее
Бакыт Төрөбаев кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сунь Хунмэй кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышына даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Бедел” көзөмөл […]Читать далее
Талас, Баткен облустарында, Бишкек шаарында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эл менен
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча өлкөнүн аймактарында мамлекеттик органдардын жетекчилеринин эл менен жолугушуулары болуп жатат. 1-августта Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Талас облусунда, 2-августта Бишкек шаарында жыйындарды өткөрдү. 1-2-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Баткен облусунун тургундары менен жолукту. Жолугушууларга Жогорку Соттун, […]Читать далее
Министрлер кабинети 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Иш-аракеттер планын ишке ашыруунун жыйынтыгын чыгарды. Мамлекеттик органдардын, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрияларынын ишин баалоо министрлер кабинетинин Иш-аракеттер планын аткаруунун деңгээлин баалоо методикасына ылайык жүргүзүлдү. Биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча 2024-жылга карата Пландын аткарылышын талдоонун жана мониторингдин жыйынтыгында төмөндөгүдөй жыйынтыктарды […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусуна жумуш сапары менен барды. Алгач минкаб төрагасы Акылбек Жапаровго суусундуктарды чыгаруучу заводдун, азык-түлүктөрдү дүңүнөн саткан соода компаниясынын, жумуртка, айнек, бөтөлкө капкактарын, мал тоютун, бут кийим, курулуш материалдарын чыгаруучу ишканалардын жана финансылык кызмат көрсөткөн компания сыяктуу 12 ишкананын ишмердүүлүгү тууралуу тааныштырылды. Анда Акылбек Жапаров өзгөчө жарандарга жумуш орундарын түзүп, […]Читать далее
Бүгүнкү күндө экономикалык дипломатия – учурдун талабы. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жүрүшүндө Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров билдирди. Жолугушууда мамлекет башчынын жана Министрлер кабинетинин жетекчилигинин иш сапарларынын жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чет өлкөлүк мекемелери […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ата мекендик киноиндустрияны өнүктүрүү маселелери боюнча жыйын өткөрдү. Кино тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жолугушууда актуалдуу маселелер жана тармакты өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. Тактап айтканда, кино тартуу үчүн павильон куруу, кыргыз киносун эл аралык аренада таанытуу, кыргыз тилиндеги анимация багытын өнүктүрүү, кино тармагына заманбап технологияларды жана жасалма интеллектти киргизүү […]Читать далее
Президенттин администрациясынын коллегиясынын чечими менен айрым мамлекеттик органдардын ишине баа
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун жетекчилиги алдында өткөрүлгөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгы менен айрым мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнө тиешелүү баа берилип, кээ бир жетекчилерге тартиптик чара көрүлдү: – Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин, райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын–акимдердин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин аймактардагы маданият үйлөрүнүн, китепканалардын ишин уюштуруудагы аракеттери жетишсиз деп […]Читать далее
Акылбек Жапаров маморгандардын жана ведомстволордун жетекчилерине бир катар милдеттерди койду
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун күн тартибине киргизилген маселелердин жыйынтыгы менен мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине бир катар тапшырмаларды койду. Анда минкаб төрагасы Акылбек Жапаров өлкөдөгү маданият үйлөрүнүн жана китепканаларынын иши тууралуу угулган баяндамадан соң, жакынкы 2-3 жылда толугу менен мамлекеттеги бүт социалдык объекттер жаңырарын билдирип, азыртадан креативдүү, ишке кызыккан адистер керектигин […]Читать далее
Акылбек Жапаров: 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууга
2026-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген максаттардын жарымы аткарылды. Биз 2030-жылга чейинки өнүктүрүүнүн улуттук программасын иштеп чыгууга кириштик. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунда билдирди. “Кыргызстан 2030-жылга чейин Туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жетишүү боюнча алдыңкы 30 өлкөнүн катарына кириши керек. 2030-жылга чейин 30 млрд долларга жеткен ИДПга жетүү негизги […]Читать далее