Кыргызстанда курулуштун көлөмү 3 жылдын ичинде жогорку деңгээлге жетти, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жыйынынын жүрүшүндө. Анын айтымына караганда, айрыкча социалдык объектилерди куруу колго алынды. “Акыркы 3 жылдын ичинде 315 мектеп, 69 бала бакча, 28 саламаттык сактоо объектилери курулду, ошондой эле 125 айылдын таза суу маселеси чечилди”, – деди ал. […]Читать далее
Өлкөдө экономикалык туруктуулук сакталууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 4-апрелдеги жалпы жыйынында билдирди. Ал Кыргызстан боюнча жыл жыйынтыгы чыгарылып, коллегиялык жыйындар өткөндүгүн айтты. “Келерки жылдын пландары бекитилди. Жылдын 1-чейреги аяктады. Өлкөнүн макроэкономикалык көрсөткүчтөрү туруктуу өсүүнү сактап жатканын белгилегим келет. 2022-жылы ИДП 9% түздү, биз 2023-жылды 6,2% өсүү менен аяктадык. Номиналдуу ИДП: […]Читать далее
Тоголок жетим балдарга 500 миң сомдон берилет. Алар үчүн 270 миллион сом банктарга депозитке жөнөтүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы мамлекет аз камсыз жакыр үй-бүлөлөргө 100 миң сомдон берип баштагандыгын айтты. “Өткөн эки жылда 12 миң 800 үй-бүлө алса, быйыл 20 миң үй -бүлөгө каражат бөлүндү. Мамлекеттин колдоосун алгандардын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы жогорку окуу жайлардын студенттерине лекция окуду
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин студенттери жана профессордук-окутуучулар жамааты үчүн меймандык лекциясын окуду. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, иш-чарага ОшМУнун жана Ош техникалык университетинин студенттери онлайн режиминде катышты. Министрлер кабинетинин башчысы дүйнөлүк экономикалык тенденциялар, өкмөттүн ишинин артыкчылыктуу багыттары, өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалар, стратегиялык инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу […]Читать далее
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын ишкерлеринин “Кыргызстан – Кытай (СУАР)” бизнес-форуму болуп өттү. Ишкерлердин форумуна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев жана Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз катышты. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев менен Кыргыз Республикасына иш сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик Өкмөтүнүн Төрагасы Эркин Тунияз Кыргызстан менен СУАРдын ортосундагы кызматташтыктын маанилүү маселелери боюнча кеңешме өткөрдү. Отурумга эки мамлекеттин ортосунда […]Читать далее
Министрлер кабинети Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жөнүндө жобону бекитти. Тиешелүү чечимге министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Документ саламаттыкты сактоо системасындагы илимий ишмердүүлүктү өркүндөтүү максатында кабыл алынган. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору жогорку технологиялык жабдууларды, илимдин алдыңкы жетишкендиктерин пайдалануу, жогорку квалификациялуу медициналык кадрларды тартуу жана […]Читать далее
Акылбек Жапаров менен СУАР Элдик өкмөтүнүн төрагасы биргелешкен долбоорлордун жүрүшүн
Министрлер кабинетинин төрагасы – президенттин администрациясынын жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргызстанга иш сапары менен келген Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Элдик өкмөтүнүн төрагасы Эркин Тунияз менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Алгач “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушуна токтолгон министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров үстүбүздөгү жылдын февралында Пекинде тийиштүү адистердин […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасында туруктуу агро өнөр жай секторун түзүүгө арналган агрардык форумга катышты. «Бүгүн бул жерде Министрлер Кабинети менен Дүйнөлүк банктын ортосунда 52,4 млн АКШ долларлык «Кыргыз Республикасындагы ландшафттарды туруктуу калыбына келтирүү» долбоорун ишке ашыруу боюнча макулдашууга кол коюлат. Климаттын өзгөрүшү табигый кырсыктарга таасирин тийгизет. Сел […]Читать далее
Министрлер кабинети салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизди
“КР министрлер кабинетинин салык салуу чөйрөсүндөгү айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” токтому кабыл алынды. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Ата мекендик өндүрүүчүлөргө жагымдуу шарттарды түзүү жана аларды колдоо максатында, төмөнкү токтомдорго өзгөртүүлөр киргизилди: – КР министрлер кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 131 “Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 289, 297, 298 жана 299-беренелеринин талаптарын ишке […]Читать далее