Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек шаарына жакын жайгашкан Орок айылында бир катар объектилердин курулушунун жүрүшү менен таанышты. Анда, аквапаркы бар оюн-зоок паркын куруу долбоору менен таанышты. Парктын жалпы аянты 10 гектарды түзөт. Белгилей кетсек, оюн-зоок паркынын жанында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу турак жай комплекси курулуп, жалпы билим берүү мекемеси менен […]Читать далее
Кыргызстан Кытайдан келе турган туристтик топтор үчүн визасыз режим киргизди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов “Кытай — Борбордук Азия” 11-кызматташтык форумунун алкагында Кытайдын Элдик саясий консультациялык кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, Бүткүл кытайлык аялдар федерациясынын төрайымы Шэнь Юэюэ менен болгон жолугушууда билдирди. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин, анын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кытайдын Нинся-Хуэй автономдуу районунун Иньчуань шаарында өткөрүлгөн “Кытай — Борбордук Азия” 11-кызматташтык форумуна катышты. Эдил Байсалов өз сөзүндө бул иш-чара Борбордук Азия өлкөлөрү менен Кытайдын ортосундагы салттуу достук мамилелердин тереңдешине жана кеңейишине жаңы динамика кошоорун белгиледи. Минкаб төрагасынын орун басары 11-форумдун “Жалпы үй куруу үчүн жашыл экономиканын өнүгүүсүнө […]Читать далее
Вашингтондо Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын операциялар ишмердүүлүгү боюнча директору Анна Бьерде менен жолугушту. Жолугушууда тараптар Кыргызстандын жана бүтүндөй Борбор Азия аймагынын энергетикалык коопсуздугун жана экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык долбоору болгон Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга байланышкан маселелерди талкуулашты. Адылбек Касымалиев […]Читать далее
Вашингтонго Дүйнөлүк банк тобунун жылдык жыйынына катышуу үчүн болгон иш сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк банктын аймактык директорлору менен бир катар жолугушууларды өткөрдү. Жолугушууда Камбар-Ата ГЭС-1ди куруу сыяктуу стратегиялык долбоорлорго басым жасалды. Анда банктын Европа жана Борбордук Азиянын адилеттүү өсүш, финансы жана институттар боюнча аймактык директору Асад Алам менен болгон […]Читать далее
Дүйнөлүк банк тобунун жана Эл аралык валюта фондунун башкаруучуларынын жылдык жолугушуусунун алкагында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Дүйнөлүк банктын өнүгүүнү каржылоо боюнча вице-президентинин Акихико Нишионун жолугушуусу болуп өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн негизги аспектилери жана Дүйнөлүк банк менен мындан аркы кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары белгилегендей, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарында Кыргызстан жана Россия аймактарынын Достук паркынын ачылыш аземине катышты. Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн минкаб төрагасы Акылбек Жапаров алгач Жалал-Абад шаарынын тургундарын шаар күнү менен куттуктап, бул парк алдыда Жалал-Абад шаарынын жашоочуларынын жана конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланып, эки өлкөнүн аймактарынын достугун, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү унаа жолдун, Ош шаарындагы мектептин жана Кара-Суу районундагы заводдун курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Алгач минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгында курулушу жүрүп жаткан жалпы билим берүүчү мектепке барды. Баары 625 окуучуга ылайыкташкан мектепти куруунун сметалык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Ош шаарындагы социалдык объектилердин курулуш иштеринин жүрүшү менен таанышты. Алгач минкаб төрагасы Акылбек Жапаров Ош мамлекеттик университетинин Медициналык клиникасы курулуп жаткан жерге барды. Жалпы 7 кабаттан турган клиника 2 гектар жерге салынууда. Анда поликлиника, тез жардам, операция жасоо бөлүмдөрү, дарылануучулар үчүн ыңгайлуу бөлмөлөр, окуу […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында “Тянь-Шань Сити” турак жай комплексине, ошондой эле Нарын шаарындагы Калкты тейлөө борборунун курулушуна капсула салуу аземине катышты. “Бүгүн биз төрт заводду, ошондой эле турак жай комплексин жана калкты тейлөө борборун куруу үчүн капсула салдык. Нарын шаарынын инфраструктурасын жакшыртуу, жашоочуларды турак-жай менен камсыз кылуу жана […]Читать далее