Үстүбүздөгү жылдын 8-январында Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу өтөт. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, алардын жолугушуусу Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын мамлекеттик чек аралары кесилишкен жерде болмокчу. Жолугушууда Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан мамлекеттеринин президенттеринин буга чейин […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарынын жанындагы Орок айылындагы футболдук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Министрлер кабинетинин башчысына жүрүп жаткан курулуш иштери тууралуу айтып, бардык процесстер өз убагында жүрүп жатканын белгилешти. Адылбек Касымалиев объектти курууда бардык сапат жана коопсуздук стандарттарын сактоонун, долбоордун өз убагында бүткөрүлүшүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, эл аралык спорттук иш-чараларды өткөрүү, […]Читать далее
Министрлер кабинети 100% мамлекеттин катышуусу менен уставдык капиталы 1 млрд сом болгон «Кылым Банк» ачык акционердик коомун («Кылым Банк» ААК) түзүү жөнүндө токтом кабыл алды Өкмөттүн маалыматына ылайык, банк борбордук контрагент, улуттук депозитарий жана номерлөөчү агент болуп дайындалган жана банк операцияларын, эсептешүүлөрдү жана клирингди, баалуу кагаздарды сактоону жана эсепке алууну жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу. Каржы […]Читать далее
Кыргызстанда товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууну жөнөкөйлөтүү максатында министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин тескемеси менен ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Ведомстволор аралык жумушчу топтун жетекчиси министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев болду. Ведомстволор аралык жумушчу топ бир айлык мөөнөттө товарларды жүгүртүүдө электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды колдонууну жөнөкөйлөштүрүү боюнча тиешелүү ишти жүргүзөт […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районуна караштуу Садыр Аке айыл аймагында болуп өткөн сел кесепеттеринен жабыр тарткандарга жаңы салынган үйлөрдү тапшырды. “Айрыкча башыбыздан өткөн оор күндөн кийин өз үйүбүзгө ээ болуу канчалык маанилүү экенин түшүнөбүз. Мамлекет ар дайым сиздердин оор күндөрдө таяныч болот жана бизге камсыздандыруунун маанилүүлүгүн дагы бир ирет эске салат. […]Читать далее
Адылбек Касымалиев Кореянын Кыргызстандагы Элчилигине барып көңүл айтуу китебине жазуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Корея Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигине барып, 2024-жылдын 29-декабрында Муан аэропортунда учактын кыйрашынан улам келип чыккан адам курмандыктары менен коштолгон трагедиялуу кырсыкка байланыштуу ачылган атайын китепке көңүл айтуу сөздөрүн калтырды. Анда Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан жана жеке өзүнүн атынан […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү өнөр жай, тоо-кен, курулуш жана жерлерди трансформациялоо тармактарына тиешелүү 10дон ашык маселени карашты. Тактап айтканда, “Кыргызалтын” ачык акционердик коому тарабынан өндүрүлгөн 1 граммдан 1 килограммга чейинки тазаланган өлчөнгөн куймаларды сатууга байланышкан маселелерди чечүү чечими кабыл алынды. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында Министрлер Кабинетинин тескемеси менен бекитилген 2024-2025-жылдарга Бишкек шаарында абанын сапатын жакшыртуу боюнча биринчи кезектеги чаралар планынын аткарылышы тууралуу жыйын өткөрүлдү. Отурумга катышкан тиешелүү мамлекеттик жана муниципалдык органдардын, банктардын, ошондой эле ишканалардын жетекчилери катышып […]Читать далее
Адылбек Касымалиев: Кыргызстан дагы бир жолу кыйынчылыктарды жеңип, алдыга амбициялуу
МинКаб башчысы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги астында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп өттү. Өтүп жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып жатып, “2024-жыл өлкө үчүн өзгөчө маанилүү жана ийгиликтүү жыл болду” деп белгиленди. «Кыргызстан дагы бир жолу кыйынчылыктарды жеңип, алдыга амбициялуу максаттарды коюп, аларды ишке ашырууга жөндөмдүү экенин көрсөттү. Бул жетишкендиктердин бардыгы мамлекет башчысы Садыр Жапаровдун акылман […]Читать далее
Өлкөдө жаңы жылдык майрам күндөрү бир катар мамлекеттик органдар күчөтүлгөн режимде иштейт. Бул туурасында бүгүн “Ынтымак-Ордо” президенттик администрациясында өткөн министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында айтылды. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев мамлекеттик органдардын жетекчилерине жаңы жылдык майрам күндөрү коопсуздукту жана тартипти камсыздоо боюнча бир катар милдеттерди койду. Анда Ички иштер, Саламаттыкты сактоо, Энергетика, Өзгөчө кырдаалдар министрликтерине жана […]Читать далее