Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Маданият күндөрүнүн алкагында Россия Федерациясынын Маданият министри Ольга Любимова менен жумушчу жолугушуу өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө россиялык көрүнүктүү кинорежиссер Никита Михалковго Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыгы “Достук” орденин тапшыруу аземи болуп өттү. Катышуучуларды куттуктоо сөзүндө Адылбек Касымалиев Маданият күндөрүн өткөрүү эки өлкөнүн […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов менен Россиянын делегациясынын башчысы катары расмий сапар менен Бишкекке келген Орусиянын маданият министри Ольга Любимованын ортосунда сүйлөшүүлөр болду. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар маданий-гуманитардык тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечегин талкуулашты. Эдил Байсалов Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелер бекем тарыхый жана маданий байланыштарга негизделген стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык менен […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын долбоорун талкуулаган Улуттук өнүктүрүү форумуна катышты. Анда сөз сүйлөгөн МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев форумдун максаты – Кыргызстан үчүн бүгүнкү күндөгү маселелерди эмес, эртеңки мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо. Ал өлкөнү 2026-жылга […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев «E-commerce EXPO Central Asia 2025» электрондук коммерция боюнча эл аралык форумунун ишине катышты. Министрлер кабинетинин башчысы электрондук коммерциянын маанилүүлүгүн белгиледи, ал экономикалык өнүгүүгө, анын ичинде инвестициялык ишмердүүлүккө күчтүү түрткү берет, экономикада олуттуу структуралык өзгөрүүлөрдүн себеби болуп саналат. «Кыргыз Республикасы үчүн электрондук соода жөн гана жаңы сектор эмес, экономикалык өсүштүн жана […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстанга иш сапары менен келген Татарстандын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту. Маектешүүнүн жүрүшүндө Эдил Байсалов мейманды жылуу тосуп алып, кыргыз-татар байланыштары активдүү өнүгүп жатканын белгиледи. Ал татар тарапты Татарстандын раисин шайлоонун ийгиликтүү өтүшү менен куттуктап, Рустам Миннихановдун түрк дүйнөсүнүн аксакалы катары жогорку ролун, ошондой эле анын […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Германиянын Кыргызстандагы элчиси Моника Ленхардды кабыл алды. Эдил Байсалов Моника Ленхардды кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын мындан аркы дипломатиялык иштерине ийгиликтерди каалады. Ал анын иши кыргыз-герман мамилелерин чыңдоого жана бардык багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары кеңейтүүгө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Германиянын […]Читать далее
Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү маселеси талкууланды
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү максатында республикалык штабдын жыйынын өткөрдү. Жыйындын жүрүшүндө Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин баяндамалары угулду. Белгиленгендей, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн […]Читать далее
Министрлер Кабинети кабыл алган токтом менен, Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмеги тиркемеге ылайык бекитилди. Буга чейин, Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы “Мамкартография” геодезия жана картография боюнча мамлекеттик мекемеси тарабынан бийик тоолуу шарттарда жайгашкан калктуу конуштардын колдонуудагы тизмесинин бийик тоолуу критерийлерине ылайыктуулугу боюнча анализ жүргүзүлүп, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстанда иш сапары менен жүргөн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) вице-президенти Маттео Патроне менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери жана энергетика, инфраструктура, жеке секторду колдоо сыяктуу негизги тармактарда артыкчылыктуу долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги талкууланды. Адылбек Касымалиев ЕРӨБ Кыргызстандын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошкон ишенимдүү өнөктөш экенин белгилеп, […]Читать далее
Кыргызстанда айыл чарбасын каттоосун 2026-жылга жылдыруу жөнүндө чечим кабыл алынды. Чечим маалыматтарды жогорку сапатта чогултууну камсыз кылуу максатында кабыл алынып, каттоо 2026-жылдын 20-мартынан 10-апрелине чейин өтөт. Ал эми буга чейин министрлер кабинетинин 2025-жылы Кыргыз Республикасында айыл чарба каттоосун даярдоо жана өткөрүү жөнүндөгү №122 токтомунун негизинде өлкө аймагында кезектеги айыл чарба каттоосун өткөрүү каралган. Белгилей кетсек, […]Читать далее