Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча коллегиясына катышты. Минкаб төрагасы белгилегендей, акыркы үч жылда программалык иш-чараларды ишке ашыруунун аркасында салыктык башкаруу тармагында олуттуу жылыштар байкалууда, бул салыктык кирешелерди жыйноонун өсүү темпин орточо 135 % га көтөрдү. Минкаб төрагасы кошумчалагандай, Салык кызматынын алгылыктуу жыйынтыктарына карабастан, фискалдык […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Чүйдөгү жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдардын мектеп-интернатына барды. Маалыматка ылайык, билим берүү мекемесинде 200гө жакын бала билим алат. Эдил Байсалов мектеп-интернаттын тарбиялануучуларынын жашоо шарты жана мекемедеги оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Президент тарабынан 1 млн сом бөлүнүп, билим берүү […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Катардын Кыргызстандагы элчиси Али Жабир Мухаммад Аль-Гуфран Аль-Маррини кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар инвестициялык мүмкүнчүлүктөр, социалдык маанидеги долбоорлорду ишке ашыруу, соода-экономикалык кызматташууну кеңейтүү жана медицина тармагындагы бейтапкана долбоорун ишке ашыруу сыяктуу бир катар эки тараптуу маселелерди сүйлөштү. Ошондой эле минкаб төрагасы Акылбек Жапаров өткөн жылы Катардын эмири шейх […]Читать далее
«Биз экономиканы туруктуу өнүктүрүү багытына салуу үчүн күч-аракетибизди үч эсеге көбөйтүшүбүз керек жана мамлекет башчысы 2030-жылга карата ИДПнын көлөмүн 30 миллиард долларга жана 2050-жылга чейин 200 миллиард АКШ долларына жеткирүү максаттарына жетишүүбүз керек», – деди Миннистрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров, Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиясынын жүрүшүндө. МинКаб башчысы […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Экономика жана коммерция министрлигинин биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча коллегиянын жыйынына катышты. “Бул жыл чоң өзгөрүүлөрдүн башталышы болот. Башкача айтканда, белгилүү Азия жолборстору деп аталган Чыгыш Азия өлкөлөрүндөй чоң ийгиликтерге жетебиз деп үмүттөнөбүз. Алардын ийгилиги “жолборс секирик” деп аталса, “илбирстин секириктерин” жасап, алдыга жылгыбыз келет. Бир белгилүү экономист айткандай, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында шаарда болгон селдин кесепеттерин жоюу иштеринин жүрүшү менен таанышты. Анда МинКаб Төрагасы Жаңы-Маала айылындагы Ахмаджан-Ата көчөсүн, борбордук базардын жана А.Навои атындагы эс алуу жайдын, ошондой эле Кара-Сымак жана Бодур-Таш айылдарын көрүп чыкты. Ош облусунун […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борборунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Учурда сервердик бөлмөнүн курулуш-монтаждоо иштери, инфраструктуралык инженердик жабдуулар менен камсыздоо иштери аяктап калды. Санариптик өнүктүрүү министри Нурия Кутнаева белгилегендей, Маалыматтарды иштеп чыгуунун мамлекеттик борбору өлкөнүн санариптик трансформациясын ишке киргизүү, борборлоштурулган инфраструктурага өтүү, ишенимдүүлүк жана маалыматтык коопсуздук талаптарын сактоону […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жетекчиси Акылбек Жапаров борбордук “Ала-Тоо” аянтын реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты. Аянтка заманбап фонтан комплекстери орнотулат, ошондой эле 100 метр бийиктиктеги флагшток орнотуу иштери жүрүп жатат. Ошондой эле, МинКаб Төрагасы Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндөгү оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Курулуш иштерин үстүбүздөгү жылдын […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров “Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ачык акционердик коомуна 30 даана атайын техниканы тапшырды. “30 даана атайын техниканы сатып алууга 180 млн сом бөлүнгөн. 2024-жылы 271 миллион сомго 65 даана атайын техника сатып алынды. Быйыл Кара-Кыргыз автономдуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жамаатына министрдин милдетин аткаруучу Абсаттар Сыргабаевди тааныштырды. Минкаб төрагасы министрдин милдетин аткаруучуга жаңы кызматында ийгиликтерди жаратуусун каалап, мамлекеттик органга жүктөлгөн бир катар милдеттерге токтолду, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу менен жол инфраструктурасын өнүктүрүү, жолдорду реконструкциялоо боюнча долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Акылбек Жапаров Ош – Бишкек […]Читать далее