Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Бишкек жылуулук электр борбору” муниципалдык ишканасына барды. Сапардын максаты ЖЭБдин ишин жана учурдагы жылытуу сезонун карап чыгуу болду. Минкаб башчысы ЖЭБге болгон сапарынын жүрүшүндө объекттин үзгүлтүксүз иштөөгө даярдыгын кылдаттык менен текшерип, жетиштүү отун запастарынын топтолушуна өзгөчө көңүл бурду. Ага көмүрдүн көлөмү, анын сапаты жана туруктуу иштөө үчүн зарыл болгон запастарды […]Читать далее
Министрлер Кабинети электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды киргизүүдө
Министрлер Кабинети энергетикалык натыйжалуулукту жогорулатуу жана электр энергиясын сарамжалдуу пайдалануу боюнча чараларды киргизүүдө. Бул чаралардын алкагында административдик мамлекеттик мекемелердин ички жана тышкы жарыктандыруусун жана электр приборлорун саат 18:00дөн 06:00гө чейин максатка ылайыктуу жөнгө салуу жөнүндө чечим кабыл алынды. Бул чаралар имараттардын технологиялык турмуш-тиричилиги үчүн өтө маанилүү болгон процесстерге таасир этпейт, ошондой эле стратегиялык объектилерге жана […]Читать далее
Касымалиев Кемелбек Нанаевдин 80 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга катышты
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев мамлекеттик ишмер, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын биринчи төрагасы – Кемелбек Нанаевдин туулган күнүнүн 80 жылдыгына арналган «Кыргыз Республикасынын финансылык көз карандысыздыгы жана экономикалык коопсуздугу: К.К. Нанаевдин сабактары» аттуу илимий-практикалык конференцияга катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Кемелбек Нанаев көз карандысыз Кыргызстандын финансылык-экономикалык […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев 2025-жылдын 5-ноябрында «Gulf News» эл аралык басылмасына интервью берип, анда өлкөнүн жетишкендиктерин, өнүгүү приоритеттерин жана тышкы экономикалык келечегин кеңири чагылдырды. МинКаб башчысы өкмөт туруктуу экономикалык өсүшкө жана жарандардын жашоо деңгээлин жогорулатууга басым жасап жатканын белгиледи. Ал социалдык-экономикалык өнүгүүнүн туруктуу оң динамикасын белгиледи: акыркы үч жылда экономикалык өсүштүн орточо темпи 9,0%ды […]Читать далее
Дохадагы саммитте Кыргызстан адам капиталын өнүктүрүү саясатынын артыкчылыгын ырастады
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Бириккен Улуттар Уюмунун колдоосу астында Доха шаарында өтүп жаткан II Бүткүл дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин пленардык дебаттарында сөз сүйлөдү. Өз кайрылуусунда Эдил Байсалов Кыргызстандын Доха саясий декларациясына берилгендигин ырастап, социалдык саясаттын үч түркүгүн – жакырчылыкты жоюу, татыктуу эмгек жана социалдык инклюзивдүүлүк – улуттук өнүгүү стратегиясынын негизи экенин баса […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Катар мамлекетинин борбору Доха шаарында өтүп жаткан II Бүткүл дүйнөлүк социалдык өнүгүү саммитинин ачылыш аземине катышты. Кыргыз делегациясынын курамында билим берүү министри Догдуркүл Кендирбаева жана эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев дагы ,бар. Саммитке мамлекет жана өкмөт башчылары, эл аралык уюмдардын жетекчилери, жарандык коомдун жана эксперттик […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Катардын Доха шаарында өткөн социалдык өнүгүү боюнча Экинчи дүйнөлүк саммиттин алкагында өткөн Ачкачылыкка жана жакырчылыкка каршы күрөшүү боюнча глобалдык альянстын лидерлеринин биринчи жыйынына катышып, сөз сүйлөдү. «Дүйнө жүзү боюнча жүз миллиондогон адамдар ачкачылыктан, жакырчылыктан жана жокчулуктан жапа чегүүдө – бул биздин жалпы адамгерчилигибизди жана чечкиндүү жамааттык аракеттерибизди талап […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев маданият тармагынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти: “Урматтуу маданият кызматкерлери, өнөр ээлери жана чыгармачыл жамааттар! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар — Маданият кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм! Бул күн — элибиздин руханий дөөлөтүн сактап, өнүктүрүп, улуттук мурасты келечек муунга жеткирүүдө эмгектенген ар бир маданият кызматкеринин мээнетин, талантын баалоо күнү. […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Кытай Эл Республикасынын Ганьсу провинциясынын Элдик саясий консультативдик кеңешинин Төрагасынын орун басары Хо Вэйпин баштаган делегация менен жолукту. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы агроөнөр жай тармагындагы кызматташуу маселелерин сүйлөштү. Анда жашылча-жемиштердин жана дарылык касиети бар өсүмдүктөрдүн […]Читать далее
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Швейцария Конфедерациясынын Улуттук кеңешинин Биринчи вице-спикери Пьер-Андре Пеж менен жолукту. Эдил Байсалов Швейцария Кыргызстандын көп жылдык жана ишенимдүү өнөктөшү, туруктуу өнүгүүнүн жана туруктуулуктун үлгүсү экенин белгиледи. Тараптар кыргыз-швейцария кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде парламенттер аралык диалогду өнүктүрүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелерин талкуулашты. Делегацияларды мындан ары алмашуу жана […]Читать далее