“Ынтымак Ордодо” министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов ЕККУнун Улуттук азчылыктар иштери боюнча жогорку комиссары (УАЖК) Кристоф Камп менен жолугушту. Эдил Байсалов Кристоф Кампты жакында бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасынын УАЖК кеңсеси менен көп жылдык конструктивдүү жана туруктуу кызматташтыгын белгилеп, өз ара аракеттенүүнү мындан ары тереңдетүүгө даярдыгын билдирди. Жолугушуунун жүрүшүндө улуттар аралык […]Читать далее
Өлкөдөгү курулуштун темпи басаңдабашы керек, быйыл да 200дөн кем эмес социалдык объекттин курулушу аяктап, ишке кирсин. Курулуш министрлигине мындай тапшырманы минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев кеңейтилген жыйындын жүрүшүндө тапшырды. Ошондой эле финансы министрлигине тийиштүү каражатты кечиктирбей бөлүп туруу зарыл экендиги айтылды. Өз учурунда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев бул тапшырмалар аткарыла тургандыгын […]Читать далее
2025-жылдын аягына чейин Кыргызстанда 1 100 километрден ашык жол салынат, мындан сырткары, 135 миң чарчы метр аянтта чуңкурларды оңдоо иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Минкабдын 4 айда аткарган ишинин жыйынтыгы боюнча кеңейтилген кеңешмеде айтты. Ал Транспорт жана коммуникациялар министрлигине 2025-жылга карата 24,7 млрд сомго каржылоо каралганын, алгачкы 4 айдын ичинде 10,1 […]Читать далее
Алдыда жарым жылдын жыйынтыгы боюнча бардык жетекчилердин ишине баа берилет. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев үстүбүздөгү жылдын 4 айында аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарган кеңешмеде билдирди. Анын айтымында, жигердүү, натыйжалуу жана эң башкысы биргелешип шайкеш иштөө бардык министрлер, жетекчилер үчүн абдан маанилүү. “Саламаттык сактоо тармагында болгон окуя жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишинде орун алган […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңейтилген кеңешменин алкагында министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айдагы аткарган иштеринин жыйынтыгы тууралуу айтып берди. Минкаб төрагасы министрлер кабинети тарабынан ишкердикти колдоого багытталган ар тараптуу комплекстүү чаралар көрүлүп жатканын белгиледи. “Кыргыз Республикасынын чакан жана орто ишкердик субъекттерин жеңилдетилген кредиттөө” долбоору бекитилди, ага ылайык ишкерлерге арзан насыялар берилет. Мамлекет кредиттер боюнча […]Читать далее
Адылбек Касымалиев: Улуттук өнүктүрүү программасы жактырылгандан кийин президенттин кол коюсуна
Ынтымак Ордодо 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоорун кароо, үстүбүздөгү жылдын 4 айында аткарылган иштер боюнча министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгында кеңейтилген кеңешме болуп өттү. Кеңешмеде экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өлкөбүздүн өнүгүү жолун аныктап берген, мамлекеттик саясатты негиздөөчү, улуттук деңгээлдеги эң маанилүү стратегиялык документтин мазмуну жана негизги багыттары менен тааныштырды. […]Читать далее
Еврокомиссия Кыргызстандын “кара” тизмеден чыгуу боюнча иштерине жогору баа берди
Европа комиссиясы Кыргызстандын Евробиримдиктин учуулардын коопсуздугу боюнча “кара” тизмесинен чыгуу багытында жасалган иштерине жогору баа берди. Бул тууралуу маалыматты минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев 4 ай ичиндеги иштин жыйынтыгын чыгарган кеңешмедеги баяндамасында билдирди. Анын айтымында, ушул май айында Брюсселде авиация тармагында жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыктары ийгиликтүү коргоодон өттү. “Жыйынтыктоочу аудитти быйылкы жылдын декабрында өткөрүү боюнча алдын ала […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңейтилген кеңешменин алкагында министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айдагы ишинин жыйынтыгы боюнча энергетика тармагын өнүктүрүү жана масштабдуу энергодолбоорлорду ишке ашыруу боюнча маалымат берди. Минкаб төрагасы 2025-жылдын 31-мартында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун катышуусунда CASA-1000 долбоорунун жаңы этабы ишке киргенин айтып өттү. Эки өлкөнүн энергетикалык системаларын бириктирген […]Читать далее
Касымалиев: 2025-жылдын башынан бери экономикалык өсүштүн жогорку темпи сакталууда
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кеңейтилген кеңешменин алкагында министрлер кабинетинин үстүбүздөгү жылдын 4 айындагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди. Минкаб төрагасы позитивдүү макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү белгилеп, экономиканын өсүшүнүн жогорку темпи сакталып жатканын баса белгиледи. “2025-жылдын төрт айынын жыйынтыгы менен ички дүң продукциянын көлөмү 442,4 млрд сомду түздү. Экономиканын реалдуу өсүү темпи 11,7 % түздү. ЕАЭБге мүчө […]Читать далее
Минкаб 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоору талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 2030-жылга чейинки мезгилге карата Улуттук өнүктүрүү программасынын долбоорун талкуулоо боюнча кеңейтилген кеңешме өткөрдү. Министрлер кабинетинин төрагасы улуттук деңгээлдеги бул стратегиялык документ өлкөбүздүн орто мөөнөттүү өнүгүү жолун тактап, мамлекеттик саясаттын негизи болуп саналарын айтты. “Программанын негизги миссиясы – биздин жарандарыбызга татыктуу шарттарды түзүп, бакубатчылыгын жогорулатуу. Документте өлкөнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттырган өзгөчөлүктөрүн, […]Читать далее