Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаровдун жетекчилиги астында Министрлер Кабинетинин кезектеги отуруму болуп, жыйындын күн тартибинде 15 маселе каралды. Кеңешмеде негизинен буга чейин бекитилген ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынды. Негизгилерине токтоло турган болсок, Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Каныш-Кыя айыл аймагынын “Сандалаш” участогунун […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бишкек шаарындагы медициналык мекемелерге барды. Алгач, МинКаб Төрагасы ачылуу алдында турган Перинаталдык борбордун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Дүйнөлүк стандартка ылайык курулган бул перинаталдык борбор жакын арада заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылат. Медициналык мекемеде кош бойлуу мезгилде патологияга чалдыккан аялдарга жана патологиясы бар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров I жарым жылдыктын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин коллегиясына катышты. Коллегиянын жүрүшүндө МинКаб Төрагасы адам капиталын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясаттагы өзгөрүүлөргө токтолду. “Президент айткандай, бир дагы кыргыз өз жеринде муктаж болбошу керек, ошондуктан эки жыл […]Читать далее
Акылбек Жапаров “Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолукту
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Санкт-Петербург шаарына (Россия Федерациясы) болгон бир күндүк жумуш сапарынын алкагында “Газпром” ААК башкармалыгынын төрагасы Алексей Миллер менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда газ менен камсыздоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуусунун негизги маселелери талкууланды. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Алексей […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Экономика тармактарын жана калкты 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча республикалык штабдын жыйыны болуп, анын күн тартибинде үч маселе каралды. Отурумга министрликтердин, тиешелүү мамлекеттик мекемелердин, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын өкүлдөрү офлайн-онлайн форматында катышты. Жыйындын күн тартибиндеги биринчи […]Читать далее
Акылбек Жапаров менен Либерал-демократиялык партиянын Башкы кеңешинин Төрагасы Тосиаки Эндо
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Либерал-демократиялык партиянын Башкы кеңешинин Төрагасы, Япониянын Парламентинин Өкүлдөр Палатасынын депутаты Тосиаки Эндо менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун кеңири чөйрөсү боюнча пикир алышты. Министрлер Кабинетинин Башчысы “Кыргыз Республикасы Японияны демократиялык өнүгүүнүн, саясий жана соода-экономикалык кызматташуунун жалпы баалуулуктарын бөлүштүрүүчү […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров өлкөдөгү бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү менен жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө МинКаб Төрагасы бул жолугушуунун негизги максаты болуп жаткан көйгөйлөрдү жана сунуштарды талкуулоо экенин белгиледи. “Дүйнөдө болуп жаткан окуяларга карабастан, акыркы эки жылда өлкөбүздө экономикалык өсүштүн жогорку темпи байкалууда, ага ишкерлердин ишмердүүлүгүнүн салымы бар. Ар бир […]Читать далее
Акылбек Жапаров: 2023-жылы энергетиктерге 76 атайын жаңы техника тапшырылат, бүгүн
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлигине 29 жаңы атайын техниканын ачкычын тапшырды. Өз сөзүндө МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров акыркы жылдары реформалардын алкагында бөлүштүрүүчү компаниялар бириктирилип, анын натыйжасында компаниялардын чыгымдары туура пайдаланылып, энергетика тармагындагы материалдык-техникалык базаны жаңылоого жакшы мүмкүнчүлүктөр ачылганын билдирди. “Жабдуулар, линиялар – баары […]Читать далее
Акылбек Жапаров Нарын облусунун Жумгал районундагы уран калдыктарын сактоочу жайларга
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында Жумгал районунун Миң-Куш айыл аймагындагы уран калдыктарын сактоочу жайларга барды. Белгилей кетсек, Миң-Куш айыл аймагында жалпысынан “Талды-Булак”, “Туюк-Суу”, “Как” жана “Дальнее” сыяктуу уран калдыктары сакталган төрт жай бар. Учурда “Как” уран калдыктары сакталган жайы жеринде рекультивацияланууда, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Малайзиянын тышкы иштер министри Замбри Абдул Кадирди кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, туризм, социалдык-гуманитардык жана экологиялык тармактарда кызматташууну арттыруу маселелерин талкуулап, эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди мындан ары өнүктүрүүдө өз ара байланыштарды кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти. МинКаб Төрагасы кыргыз-малайзиялык эки тараптуу кызматташтыкты илгерилетүүнүн […]Читать далее