Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Германиянын Мюнхен шаарына болгон жумуш сапарынын алкагында кыргыз-герман бизнес-форумунда сөз сүйлөдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Ал белгилегендей, акыркы бир жыл ичинде Гамбургда өткөн биринчи кыргыз-герман бизнес-форумунан бери Кыргызстан менен Германиянын мамилеси чыңдалып, кызматташууну тереңдетүүгө эки тараптын кызыкчылыгы пайда болду. “Биз эл аралык өнөктөштөр менен өз ара пайдалуу кызматташууга ачык, […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Бавария федералдык аймагынын (Германия Федеративдик Республикасы) Премьер-министри Маркус Зёдер менен жолукту. Жолугушуу Акылбек Жапаровдун “Кыргызстандын экономика күнү” темасындагы кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин жыйынына жана кыргыз-герман бизнес-форумуна катышуу үчүн Мюнхенге барган жумуш сапарынын алкагында болду. Жолугушууда тараптар Кыргызстан менен Бавариянын ортосундагы эки […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевди кабыл алды. Жолугушууда тараптар уюмдун учурдагы ишмердүүлүгү жана келечектеги пландары боюнча пикир алышты. Башкы катчы кыргыз тараптын уюмдун ишине активдүү катышып жатканына канааттануусун билдирди. Атап айтканда, ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн энергетика, ички иштер, туризм жана башка ведомстволорунун […]Читать далее
Мюнхенге болгон жумушчу сапарынын алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, “Валднер Холдинг” (Waldner Holding SE & Co. KG) компаниясынын башкармалыгынын төрагасы Йохен Фрю менен жолугушту. Жолугушуу Мюнхен университетинде өттү, анда “Валднер Холдинг” компаниясы лабораторияны кеңири спектрдеги изилдөөлөрдү жүргүзүү үчүн заманбап жабдуулар менен жабдуу долбоорун ийгиликтүү ишке ашырган. Минкаб башчысы лабораториянын иши менен таанышып, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Германиянын Мюнхен шаарына келди. Сапардын алкагында ал Мюнхен шаарында «Кыргызстандын экономика күнү» деген темада кыргыз-герман бизнес-форумуна, ошондой эле кыргыз-герман ишкерлер кеңешинин кезектеги жыйынына катышат. Министрлер кабинетинин башчысынын ошондой эле Бавариянын премьер-министри Маркус Зёдер жана Ландтагтын (парламенттин) президенти Ильзе Айгнер менен жолугушуусу пландаштырылууда. Белгилей кетсек, […]Читать далее
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 7-октябрь КР жарандык авиация күнүнө карата министрлер кабинетинин сыйлыктарын тапшырды. Алгач минкаб башчысы жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктап: “Эл аралык жарандык авиация уюмунун авиациялык коопсуздук жана формалдуулуктарды жөнөкөйлөтүү боюнча аудитинен ийгиликтүү өткөндүгү кубанычтуу кабар алдык. Бул Кыргызстандын авиациясы бардык эл аралык стандарттар менен талаптарга жооп берет деген […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров уюлдук телефондордун IMEI коддорун Мамлекеттик идентификациялоо системасында (МИС) каттоо маселеси боюнча кеңешме өткөрдү. Жыйынга тиешелүү мамлекеттик органдардын, анын ичинде Ички иштер министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчилери катышты. Акылбек Жапаров жарандардын коопсуздугун камсыздоо жана катталбаган IMEI коддору бар […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы бир катар объектилер менен таанышты. Алсак, МинКаб башчысы алгач Ош шаарында курулуп жаткан муниципалдык базарына барды. Жаңыдан курулуп жаткан муниципалдык базардын аймагы 7 гектар болуп, жалпы 2500 орунга ылайыкташтырылган. Учурда базардын курулуш иштери 70% аяктап калган. […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы-Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров Ош облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Ош шаарындагы жаңы орто мектептин ачылышына катышты. Акылбек Жапаров аталган мектепти куруу иштери мындан тогуз жыл мурда башталып, бирок каражаттын тартыштыгынан ортодо курулушу жылдап токтоп турганын белгилеп, бул сыяктуу “чала жан” акыбалда калган мектептердин курулушу учурда чекесинен бүтүп жатканын билдирди. […]Читать далее
“Биз касиеттүү Сулайман Тоосунун этегинде жайгашкан Ош шаарын суу менен камсыз кылган Ак Буура дарыясында ГЭС курган жатабыз. Ушул дарыянын аталышы эле анын күч кубатын билдирип турат. Элибиз байыртан бери билип келген жаныбарлардын эң күчтүүсү, эң кубаттуусу төө болгон. Анын ичинде эң күчтүүсү буура болгон. Ошол буурадай болуп толкуп ташкан дарыяны суктанып убагында биздин залкар […]Читать далее