CASA-1000 долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргызстан 31,3 млн доллар насыя алат
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “2024-жылдын 6-мартында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “CASA-1000” Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну жана 2024-жылдын 21-апрелинде кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы “CASA-1000” Борбордук Азия жана Түштүк Азия өлкөлөрүнүн ортосунда электр энергиясын берүү жана сатуу долбоору үчүн кошумча каржылоо” долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 27-июнунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.
Аталган мыйзамдын максаты көрсөтүлгөн Макулдашууларды ратификациялоо үчүн ички мамлекеттик жол-жоболорду аткаруу болуп саналат.
Каржылоо жөнүндө макулдашуунун жоболоруна ылайык Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы 18,3 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражаттарды жылдык 0 % пайыздык ставка менен 50 жылга бөлүп берет, анын ичинде жеңилдетилген мезгил – 10 жыл.
Кредиттик макулдашуунун жоболоруна ылайык Ислам өнүктүрүү банкы 13,0 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү кредиттик каражаттарды жылдык 1,5 % пайыздык ставка менен 25 жылга бөлүп берет, анын ичинде жеңилдетилген мезгил – 7 жыл.