Бюджетке түшүүлөрдүн негизги үлүшүн түзгөн экономиканын тармактары
Мамлекеттик салык кызматы 2024-жылы Кыргызстандын бюджетине түшкөн салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыз кылган экономикалык тармактар жөнүндө билдирет.
Салыктык түшүүлөрдүн көлөмү боюнча соода тармагы лидер болуп, андан бюджетке 70 млрд сомдон ашык каражат түшкөн. 2023-жылга салыштырмалуу бул тармактагы салыктык төлөмдөр 13,9 млрд сомго же 124,6%га көбөйгөн.
Тизмени 1,04 млрд сом салыктык түшүүсү менен айыл чарба тармагы жапты, бул 2023-жылга салыштырмалуу 221,4 млн сомго көп (өсүш 127%ды түздү).
Салыктык түшүүлөрдү тармактар боюнча бөлүштүрүү (млрд сом менен):
- Соода – 70,7
- Пайдалуу кендер жана түстүү металлургия – 23,1
- Финансылык кызматтар – 10,6
- Билим берүү, саламаттыкты сактоо жана мамлекеттик башкаруу – 10,1
- Курулуш – 10,3
- Өндүрүш – 8,7
- Транспорт, мейманканалар жана ресторандар – 8,6
- Электр энергиясы – 7,9
- Кесиптик ишмердүүлүк – 7,9
- Алкоголдук жана алкоголсуз суусундуктар – 7
- Байланыш – 6,6
- Тамак-аш азыктары – 4,2
- Информатика – 2,3
- Басма, кино жана телекөрсөтүү – 1,04
- Айыл чарба – 1,04.