Былтыркы жылга салыштырмалуу ветеринария кызматына эки эсе көп каражат сарпталат
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматына былтыркы 2022-жылга салыштырмалуу бөлүнө турган каражат эки эсеге көбөйдү. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
2023-жылга Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматынын бюджети 1 180,5 млн сомду түздү.
Жыл ичинде кошумча бөлүнгөн каражаттар
174,9 млн сом, анын ичинен:
- кредитордук карызды төлөөгө 118,2 млн сом;
- вакциналарга 56,7 млн сом;
- РВДБ (Республикалык ветеринардык диагностика борборлору) үчүн диагностикумдарды сатып алууга 54,2 млн сом;
- – 27,0 млн сом реагенттерди, сарпталуучу материалдарды жана лабораториялар үчүн жабдууларды сатып алуу үчүн.
2023-жылдын 10 айына карата каралган каражаттын 704,8 млн сому каржыланды.