Былтыр Жалал-Абад облусунан 3,8 млн килограмм жаңгак экспорттолду
2025-жылдын январь-сентябрь айларында Жалал-Абад облусунан 3,8 млн килограмм жаңгак экспорттолгон. Бул тууралуу жаңгак жана жемиш кластерин түзүү долбоорун талкуулоо учурунда белгилүү болду.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Жалал-Абад облусунда жалпы 35 миң гектардан ашуун жаңгак токой аянты бар. Алар негизинен Сузак, Базар-Коргон жана Аксы райондорунун аймактарында жайгашкан.
2024-жылдын жыйынтыгы боюнча облус аймагынан жаңгак жана жаңгак маңызынын экспорту 1 млрд 347 млн сомдон ашкан.
Талкуулоо учурунда облус башчысы Тилек Текебаев жаңгак аянттарын сактоо, көбөйтүү жана коргоо, ошондой эле продукцияны кайра иштетүү багытында конкреттүү чараларды көрүү зарылдыгын баса белгиледи. Ал бул процесске илимий адистердин тартылышы долбоордун узак мөөнөттүү туруктуулугун жана экономикалык натыйжалуулугун камсыз кыларын белгиледи.
Жыйындын негизги максаты, облустун аймагында 2000ден ашуун фермерге реалдуу пайда алып келе турган, экономикалык жактан негизделген, туруктуу жаңгак жана жемиш кластерин түзүүгө багытталган сапаттуу техникалык-экономикалык негиздемени иштеп чыгуу экени айтылды.