Былтыр Ысык-Көлдүн түбүнөн 14 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

 Былтыр Ысык-Көлдүн түбүнөн 14 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды

Ысык-Көлдө 2024-жылы көлдүн экологиясын коргоо жана браконьерликке каршы күрөшүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Көлдүн түбүн тазалоонун натыйжасында 14 тоннадан ашуун таштанды чыгарылды. Ошондой эле 220 чакырым жээк тазаланып, андан 85 тонна таштанды чыгарылып, 112 миң 100 метр мыйзамсыз балык уулоочу торлор алынган.

Браконьерликке каршы күрөшүүнүн алкагында 85 рейд жүргүзүлүп, мыйзамсыз балык уулоо боюнча 111 факты аныкталып, 1200 балык көлгө кайтарылган.

Ысык-Көлдүн жаратылышын коргоо иштери уланып, тыюу салуучу белгилер орнотулуп, экологиялык мыйзам бузуулардын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Связанный пост