Былтыр табият кырсыктары Ош облусуна 246 млн сом зыян алып келген
2024-жылы Ош облусунун аймагында жаратылыш кырсыктары көп катталып, 246 млн сом зыян алып келген. Бул тууралуу бүгүн облустук Жарандык коргонуу тутумунун 2024-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылган жыйында айтылды.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, район акимдери, шаар мэрлери жана жарандык коргонуу кызматтарынын жетекчилери катышты.
Кеңешменин жүрүшүндө Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысы Эрлан Мусаев 2024-жылда аткарылган иштер боюнча баяндама жасап, жыл ичинде катталган өзгөчө кырдаалдар, алардын кесепеттери жана алдын алуу боюнча жүргүзүлгөн иш-чаралар тууралуу маалымат берди.
Өткөн жылы Ош облусунда өзгөчө кырдаалдар көп катталып, алардын ичинен өзгөчө сел кырсыктары олуттуу зыян келтирген. Анын ичинен:
- 36 сел кырсыгы катталган;
- 15 адам каза болгон;
- 2141 турак үйгө сел кирген;
- 50 турак үй авариялык абалга келген;
- 27 турак үй капиталдык оңдоого муктаж;
- 46 автоунаага зыян келтирилген;
- 246 075 500 сом материалдык чыгым катталган.
Кеңешменин жыйынтыгында облус жетекчиси быйылкы жылы өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу иштерин күчөтүү боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Ошондой эле Жантаев өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюу жана куткаруучулардын ишин жакшыртуу үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош облусундагы башкармалыгына облустук өнүктүрүү фондунан сатып алынган жаңы жабдуулар жана автоунааларды тапшырды.