Былтыр Сот аткаруучулар кызматы 1,5 млрд сомдон ашык каражат өндүрдү
Сот аткаруучулар кызматы тарабынан 2025-жылы мамлекеттин кирешесине өндүрүлгөн каражаттын суммасы 1,5 млрд сомдон ашты. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын Сот аткаруучулар кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 2024-жылы өндүрүлгөн сумма 633 млн 271 миң 231 сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бул көрсөткүч 1 млрд 62 млн 228 миң 280 сомго чейин көбөйгөн.
“Натыйжалуулуктун олуттуу өсүшү Сот аткаруучулар кызматынын Башкы прокуратуранын карамагына өткөнүнөн кийин катталды. Кызматтын өткөрүлүп берилиши 2025-жылдын июль айында болгонун эске алып, объективдүү талдоо жүргүзүү үчүн экинчи жарым жылдыктын көрсөткүчтөрү салыштырылды. 2024-жылдын июль-декабрь айларында мамлекеттин кирешесине 286 млн 680 миң 868 сом өндүрүлгөн, ал эми 2025-жылдын ушул эле мезгилинде 743 млн 115 миң 740 сом өндүрүлгөн. Демек, өндүрүүлөрдүн көлөмү 2,5 эсеге көбөйдү”, – деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Сот аткаруучулар кызматы тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык мекемелердин, анын ичинде Мамлекеттик салык кызматы, Мамлекеттик бажы кызматы, мэриялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын пайдасына 185 млн 588 миң 605 сом өндүрүлгөндүгү белгиленет.
Ошондой эле мамлекеттин пайдасына жалпы баасы 344 млн 924 миң 684 сомду түзгөн кыймылдуу жана кыймылсыз мүлк өндүрүлгөндүгү кошумчаланган.