Былтыр Социалдык фонддун кирешеси 126,5 %га өстү

 Былтыр Социалдык фонддун кирешеси 126,5 %га өстү

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Э.Байсаловдун төрагалыгы астында мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча байкоочу кеңеш болуп өттү, ага министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү катышты.

Отчеттун долбоору 2024-жылдын 26-мартында мыйзам актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун расмий сайтында жана бирдиктүү порталында жарыяланган жана министрликтер, ведомстволор менен макулдашылган.  Жогорудагы Отчет Кыргыз Республикасынын Социалдык фондунун 2023-жылга бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттик көрсөткүчтөрдүн аткарылышын камтыйт.

Бюджетти аткаруу процессинде жасалган чыгашалар максаттуу мүнөзгө ээ жана Социалдык фонддун 2023-жылга такталган бюджетинин алкагында ишке ашырылган.

Мында 2023-жылга жалпы киреше 103 180,0 млн сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 126,5 %га өскөн. Жалпы чыгашалар 90 297,4 млн сомду түзүп, 2022-жылга салыштырмалуу 126,9 %га көп.

Социалдык фонддун 2023-жылга бюджети 12 882,5 миллион сом профицит менен аткарылып, пенсиялык системанын финансылык туруктуулугун камсыз кылды.

Связанный пост