Былтыр Нарын облусунда жырткыч жаныбарлар 23 млн сом чыгым алып келген

 Былтыр Нарын облусунда жырткыч жаныбарлар 23 млн сом чыгым алып келген

Нарын облусу боюнча жырткыч жаныбарлардын малга келтирген чыгымы бир жыл ичинде 23 млн 139 миң сомду түздү. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар уй, топоздон 64 баш, чоң жылкыдан 148 баш, тайдан 220 баш жана кой-эчкиден 214 баш жеп кеткен.

Атайын түзүлгөн иш-чаралардын негизинде жана мергенчилердин көмөгү менен облус боюнча жалпы 103 карышкыр, 1 бөлтүрүк, 181 чөө жок кылынды.

Связанный пост