Былтыр мамлекеттик стоматологиялык клиникаларга 1,8 млн адам кайрылды
30-октябрда Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында республиканын калкы үчүн стоматологиялык кызматтын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу маселелери талкууланган КР Саламаттык сактоо министрлигинин жыйыны өтүүдө.
Жыйын КР Саламаттык сактоо министринин, республиканын саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилеринин, Кыргызстандын стоматологдор ассоциациясынын өкүлдөрүнүн жана өлкөдөгү бардык стоматологиялык мекемелердин, анын ичинде жеке структуралардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өттү.
Жыйындын жүрүшүндө Кыргызстан стоматологдор ассоциациясынын вице-президенти, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Абдимамет Сыдыков стоматологиялык кызматтын абалы боюнча баяндама жасады. Анын айтымында, республика боюнча 11 мамлекеттик өз алдынча стоматологиялык клиника, республика боюнча 66 саламаттык сактоо уюмдарында стоматологиялык бөлүмдөр бар. Жалпысынан 2022-жылы 1 796 683 адам кайрылган, анын ичинде 10 жашка чейинки балдар, кош бойлуу аялдар, 70 жаштан жогорку бейтаптар.
Ал ошондой эле стоматологиялык кызматтагы бүгүнкү күндөгү көйгөйлөргө токтолду, мисалы, бет-жаактарында тубаса кемтиктери бар балдарга стоматологиялык жардам көрсөтүү; онкологиялык операциялардан кийин ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга ортопедиялык жардам көрсөтүү; балдарга ортодонтиялык жардам көрсөтүү; өзгөртүүлөрдү киргизүү жана ченемдик-укуктук документтерди унификациялоо жана санариптештирүү.
Кыргызстандын стоматологдор ассоциациясынын вице-президенти Абдимамет Сыдыков республиканын стоматологиялык кызматын мындан ары өнүктүрүүнүн жолдорун да айтты. Республиканын стоматологиялык кызматынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу, анын ичинде үч өзүнчө балдар стоматологиялык клиникасын уюштуруу: экөө Бишкекте жана бирөө Ошто. Бардык стоматологиялык клиникаларды чарбалык эсепке өткөрүү жана алардын структурасында иштеп жаткан балдар бөлүмдөрүн кармап туруу. Башка региондордо ҮМБнын стоматологиялык бөлүмдөрүндө кошумча балдар бөлүмдөрүн уюштуруу.
КР Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өз сөзүндө тиш ооруларын алдын алуу жана өспүрүм куракта ооз көңдөйүн санациалоо чоң кишилерде көптөгөн оорулардын алдын ала тургандыгын белгиледи. «Дени сак балдар биздин келечегибиз. Балдардын өзүнчө стоматологиялык клиникаларын ачуу гана эмес, жеке сектор менен биргеликте иш алып баруу маанилүү. Уруксатсыз иштеген жеке клиникалардын ишин токтотуу керек. 2021-жылы жеке стоматологиялык клиникаларды текшере баштаганда 837 клиниканын дээрлик жарымынын лицензиясы жок болчу. Бул болсо өз кезегинде калкыбыздын ден соолугуна таасирин тийгизүүдө. Гепатит жана АИВ менен ооругандардын саны көбөйүшү мүмкүн», – деди министр.
Бардык тараптарды, анын ичинде жеке сектордун өкүлдөрүн угуп, министр жыйында айтылган сунуштарды эске алуу менен республиканын стоматологиялык кызматынын жаңы концепциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүп, аны ушул жылдын 13-ноябрына чейин карап чыгып Саламаттык сактоо министрлигине киргизүү тапшырмасын берди.