Былтыр кыргызстандыктардын кирешеси 19%га көбөйдү

 Былтыр кыргызстандыктардын кирешеси 19%га көбөйдү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызстандын калкынын номиналдык акчалай кирешелери 685 миллиард сомдон ашып, 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 19%га көбөйдү.

Улуттук статистикалык комитеттен билдиришкендей, керектөө бааларынын индексин эске алуу менен эсептелген калктын кирешесинин көлөмү 2024-жылдын январь-сентябрь айларында республика боюнча жалпысынан 653,6 миллиард сомду түздү жана тиешелүү мезгилге салыштырмалуу жылдын көрсөткүчтөрү 13%га өстү.

Милдеттүү төлөмдөр жана төгүмдөр кошулбай эсептелген кирешелерди мүнөздөгөн калктын адам башына эсептелген колдогу акчалай кирешелери 2024-жылдын январь-сентябрь айларында жалпы республика боюнча айына 11 193 сомду түзүп, 2023-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 19% көбөйдү. Кирешелердин басымдуу бөлүгү (71,4%) эмгек ишмердигинен түшкөн кирешелерди түздү.

Связанный пост