Былтыр Кыргызстанда дыйкандарды колдоо үчүн 1 млрд сомго кепилдик берилди
2023-жылы Кыргызстанда дыйкандарды колдоо үчүн 1 миллиарддан ашык сомго кепилдик бериилди. Бул тууралуу Кепилдик фондунан билдиришти.
Белгиленгендей, айыл чарбасы “Кепилдик фонду” ААКтын ишмердигинде артыкчылыктуу багыт бойдон калууда.
2023-жылы айыл чарбасын жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнү колдоо боюнча кепилдиктердин саны 2910го жетип, жалпы сандын 61,4%ын түздү – 4736.
Жогорудагы тармактарды колдоо боюнча кепилдиктердин суммасы 1 млрд 51 млн сомду – бул берилген кепилдиктердин жалпы көлөмүнүн 1/3 бөлүгү – 2 млрд 821 млн сом.
Кепилдик аркылуу берилген кредиттик каражаттардын көлөмү 3 млрд сомдон ашты – өткөн жылы берилген кредиттердин жалпы көлөмүнүн – 8 млрд 26 млн сомдун 37% түздү.