Былтыр керектөөчүлөрдүн 2,4 млн сому кайтарылып берилди

 Былтыр керектөөчүлөрдүн 2,4 млн сому кайтарылып берилди

Жыл башынан бери керектөөчүлөрдүн укугу бузулгандыгы боюнча 353 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Женалы Орозбаев “Кабар” агенттигине билдирди.

Анын айтымында, кайрылуулардын 85 пайызынын маселеси толугу менен канааттандырылып, 15 пайызы тиешелүү укук коргоо коргоо органдарына жиберилген.

“Былтыр керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо максатында 2 млн 400 миң сомду аларга кайтарып бергенбиз. Ал эми быйыл жарым жылдын ичинде 1,5 млн сомду керектөөчүлөргө алып бердик”, – деди ал.

Ошондой эле Женалы Орозбаев белгилегендей, керектөөчүлөр укуктарынын бузулгандыгы боюнча агенттиктин antimonopolia.gov.kg сайтында көрсөтүлгөн байланыш номерлерине чалып же электрондук түрдө кайрылуу таштаса болот.

Булак “Кабар” агенттиги

Связанный пост