Былтыр баалардын эң жогорку өсүшү Ош шаарында жана Чүйдө катталды

 Былтыр баалардын эң жогорку өсүшү Ош шаарында жана Чүйдө катталды

2025-жылдын январь-декабрында мурунку жылдын декабрына салыштырмалуу керектөө бааларынын жана тарифтеринин жалпы республика боюнча өсүшү 9,4 пайызды түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов билдирди.

Анын айтымында, мында баалар тамак-аш азыктарына жана алкоголсуз суусундуктарга – 9,9 пайызга, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 8,0 пайызга, азык-түлүк эмес товарларга – 7,8 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтери 11,2 пайызга жогорулады.

“2025-жылдын декабрында республиканын бардык региондорунда керектөө бааларынын жана тарифтеринин жогорулашы байкалды. Мында баалардын максималдуу өсүшү – 11,6 пайыз Ош шаарында катталды, бул азык-түлүк эмес товарларынын 12 пайызга жана калкка көрсөтүлүүчү кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифтеринин эң көп – 13,5 пайызга кымбатташы менен шартталды. Баалардын максималдуу өсүшү азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга – 13,1 пайызга Чүй облусунда, алкоголдук ичимдиктерге жана тамекиге – 14,4 пайызга Ысык-Көл облусунда катталды”, – деди ал.

Связанный пост