Былтыр 4 миңге жакын бала үй-бүлө тапты

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Жалал-Абад балдар психоневрологиялык интернатынын жана “Ак-Жол” реабилитациялык борборунун тарбиялануучуларын Балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктады.

“КР Президенти С.Н.Жапаровдун көңүл буруусунун аркасында өткөн жылдан бери интернаттардагы балдардын жана чоңдордун тамактануусу кыйла жакшырды. Тамактанууну каржылоо 100% көбөйгөндөн кийин балдар дайыма шире, мөмө-жемиш, жашылча, кондитердик азыктарды алып турушат.

Дегеле, бүгүнкү күндө мамлекет башчысы тарабынан кичинекей кыргызстандыктардын укуктарын коргоого өзгөчө көңүл бурулууда. Бул көбүнчө майыптыгы бар балдарга тиешелүү.

Өткөн жылдан бери майыптыгы бар балдарга жөлөк пул эки эсеге көбөйтүлүп, “Келечек” реабилитациялык борбору ачылды.Анда өзгөчө балдар ар кандай кызматтарды ала алышат”, – деди Кудайберген Базарбаев.

Министр ар бир кичинекей кыргызстандыкты үй-бүлөлүк чөйрө менен камсыз кылуу үчүн кандай иштер жасалып жатканын айтып берди.

“Өткөн жылы 4 миңден ашык бала асырап алуу, камкордукка алуу, фостердик үй – бүлөлөргө жайгаштыруу аркылуу үй-бүлө тапты”, – деди ал.

Кудайберген Базарбаев ата-энелерди 1️⃣-июнга туш келген бүткүл дүйнөлүк ата-энелер күнү менен куттуктады.

Связанный пост