Былтыр өлкөдө ирригация тармагына 5 млрд сомдон ашык каражат жумшалды

2024-жылы өлкөдө ирригация тармагына республикалык бюджеттен 5 млрд сомдон ашуун каражат жумшалды. Бул тууралуу Бишкекте өтүп жаткан Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин жыл жыйынтыгын чыгарган жыйынында айтылды.

Ведомствонун маалыматына караганда, жылдык коллегияда Араван, Нарын, Түп, Жайыл, Лейлек, Айтматов, Ноокен райондору суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүүнүн беш артыкчылыктуу багыты боюнча аткарылып жаткан иштер боюнча отчет берип жатышат.

Адегенде министрдин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев министрликтин беш артыкчылыктуу багыттары боюнча жасаган баяндамасында, ирригация тармагына 2024-жылы республикалык бюджеттен каралган каражат 5 млрд 651,9 млн сомду түзүп, өздөштүрүлгөн каражат 5 млрд 486,9 млн сом, же 97,1 пайызды түзгөнүн билдирди.

“Алсак, 2024-жылга республикалык бюджеттен капиталдык оӊдоо иштерине 924 млн сом каралып, жылдын  жыйынтыгы менен 891 млн сом суммасында каржыланып, каржылоо 96,4 пайызга аткарылды. Бул каражатка 626 км канал, 596 гидротехникалык курулма, 250 суу өлчөөчү пост, 115 насостук станция, 221 насостук агрегат оңдолып, 30 агрегат алмаштырылды, 150,0 км коллектордук-дренаждык система тазаланды.

2024-жылга атайын техника сатып алууга республикалык бюджеттен 366,7 млн сом бөлүнүп, 104 даана атайын техника сатылып алынды”, – деди ал.

Мындан тышкары, жыйындп ирригацияны өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасын ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен “капиталдык салымдар” беренеси боюнча 2024-жылга 1 млрд сом өлчөмүндө финансылык каражат бөлүнгөнү айтылды. Ошондой эле былтыр 14 объектте долбоорлоо иштери жана 19 объектинде курулуш иштери жүргүзүлгөн. 6 суу чарба объектиде курулуш иштери аткарылып, натыйжада 200 га жаӊы жер өздөштүрүлүп, 4996 га жер сугат суу менен камсыздалды.

Калктуу конуштарды ичүүчү таза суу менен камсыздоо боюнча 2024-жылы планда каралган 40 айылдын суу менен камсыздоо тутумдары курулуп 100% пайдаланууга тапшырылды. Анын жыйынтыгы менен айыл жеринин 136 миң 623 адамы таза суу менен камсыздалды, бул былтыркыга салыштырмалуу 110%ды түзөт.

Связанный пост