Былтыр өлкөдө 23 миң тоннадан ашуун колбаса азыктары өндүрүлгөн

2024-жылы 23 миң тоннадан ашуун колбаса азыктары өндүрүлгөн. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, акыркы 5 жылда Кыргызстанда колбаса өндүрүү жана экспорттоо оң көрсөткүчтөгү динамикага ээ.
Белгиленгендей, өлкөнүн улуттук реестринде 38 эт жана колбаса өндүрүүчүүчү ишкана бар. Ал эми Евразиялык экономикалык биримдигине кирген өлкөлөрдүн аймагында өз продукциясын сатууга кабыл алынган ишканалардын реестринде 25 ишкана бар.
Эгерде 2022-жылы Кыргызстанда 12 621,5 тонна колбаса азыктары өндүрүлсө, 2023-жылы 16 964 тонна, ал эми 2024-жылы 23 427,9 тонна колбаса азыктары өндүрүлүп, 1 103,3 тонна продукция экспорттолгон.
Кыргызстанда өндүрүлгөн колбаса азыктары көбүнесе Казакстан, Роосия жана Өзбекстанга экспорттолот.