Былтыр өлкө боюнча 59 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлдү

2024-жылы республика боюнча 59 жаңы айыл чарба кооперативи түзүлүп, айыл чарба өндүрүшүндө өз ишмердүүлүгүн жигердүү жүргүзүп жатат.
Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, кооперативдик системаны өнүктүрүү жана түзүү максатында, региондордогу майда айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн айыл чарба кооперативдерине өз ыктыяры менен биригүү принциптерине жана демократиялык башкаруу механизмин жайылтуу үчүн тийиштүү иштерди жүргүзүп жатат.
Былтыр ачылган кооперативдер:
– Чүй облусунда – 15;
– Ысык-Көл облусунда – 3;
– Ош облусунда – 11;
– Жалал-Абад облусунда – 12;
– Талас облусунда – 6;
– Нарын облусунда – 8.
Баткен облусунда – 4
Алардын жалпы иштеткен жеринин аянты – 4500 га болсо, ага мүчө болгон адамдардын саны – 413.
Белгилей кетсек, Айыл чарбада кооперациялоо, механизациялоо жана инновациялык технологиялар департаменти жергиликтүү башкаруу органдары менен биргеликте министрлер кабинетинин “Кыргыз Республикасында 2023-2027-жылдарга айыл чарба кооперациясын өнүктүрүү программасын” региондордо ишке ашырууда.