Былтыр өлкө аймагында 133 өзгөчө кырдаал катталып, 79 адам каза болду

2024-жылы өлкө аймагында 133 өзгөчө кырдаал катталып, 79 адам каза болду. Бул тууралуу КР ӨКМ пресс-борбору маалымдады.
Өзгөчө кырдаалдар министри, генерал-майор Бообек Ажикеевдин төрагалыгында коллегиянын отуруму өткөрүлдү. Жыйында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 2024-жылы аткарган ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы чыгарылып, 2025-жылы аткарылуучу негизги милдеттер баса белгиленди.
КРнын Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Кылычбек Абышев, Президенттик Администрациясынын Кырдаалдарда башкаруу борборунун жетекчиси Жолдошбек Мамбеталиев жана ӨКМге караштуу башкармалыктардын, департаменттердин жетекчилери, коллегия мүчөлөрү катышкан жыйында Өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов бир жыл ичиндеги ишмердүүлүктү баяндады.
Ал алгач Кыргызстандын аймагында катталган өзгөчө кырдаалдарга жана өрт, сел-суу кырсыктарына, адам өлүмү менен коштолуусуна жана материалдык чыгымдарына кеңири токтолду. Алсак, 2024-жылы өлкө аймагында 133 өзгөчө кырдаал катталып, 79 адам каза болду. Мында материалдык чыгым 1 млрд 347 млн 188 миң сомду түзгөн. Мурунку жылга салыштырмалуу өзгөчө кырдаалдардын саны 291%га, адамдардын каза болуусу 79%га, материалдык чыгымдардын саны 354%га көбөйгөн.
Жыл ичинде республикада 3813 ар түрдүү кырсык катталып, анын кесепетинен 314 адам каза болгон. Кырсыктардын ичинен 3151 өрт кырсыгы, андан 47 адам каза болуп, материалдык чыгым 886 млн 442 миң 389 сомду түзгөн.
Мындан сырткары селдин кесепеттерин жоюуда куткаруучулар тарабынан эбегейсиз иш жүргүзүлүп, 563 жаран эвакуацияланды, 11 миңге жакын адам, 1100ден ашык техника тартылып болгон турак жай, социалдык объектилер, арык, канал, жолдор толугу менен тазаланды.
Азамат Мамбетов заманбап техникалар алынып, куткаруучуларга кыйла жеңилдик берилгенине, эл аралык байланыштын ийгиликтерине токтолду. Мындан сырткары министрликтин бир жылдык ишмердүүлүгүндө селдин алдын алуу, дамбаларды, селканаларды бекемдөө иштери, курулмалар бүткөрүлүп, 9719 кожолук, 6858 га айыл чарба жерлери корголгон.
Өз кезегинде министр, генерал-майор Бообек Ажикеев 2024-жыл өлкөбүз үчүн өзгөчө кырдаалдар тармагында оор сыноолор менен коштолгондугуна токтолду.
“Өткөн жылдагы табигый кырсыктар, техногендик авариялар жана климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу жаңы чакырыктар бизден бардык күчтөрдү жана каражаттарды максималдуу мобилизациялоону талап кылды. Куткаруучулардын ырааттуу иш-аракеттеринин, убагында көрүлгөн чаралардын, өлкөбүз эгемен алгандан бери биринчи жолу массалык заманбап техникалар менен камсыз болушу, технологияларды колдонуунун аркасында кырсыктардын кесепетин азайтууга жана миңдеген адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүн болду”, – деди.
Жыйындын соңунда министр, генерал-майор Бообек Ажикеев министрликке караштуу мекемелердеги ийгиликтерди мурунку жылдардын статистикасына салыштырмалуу баса белгилеп, мындан ары да өнүктүрүүнү жана бардык тармактарга милдеттерди так аткаруу тапшырмасын берип, ийгиликтерди каалады.

Связанный пост