Быйылкы жылга карата өлкөдө мөмө-жемиштердин 12 млн 152 миңден ашык көчөттөрү даярдалды

 Быйылкы жылга карата өлкөдө мөмө-жемиштердин 12 млн 152 миңден ашык көчөттөрү даярдалды

Быйылкы жылга карата өлкөдө 15 питомник тарабынан мөмө-жемиштердин 12 млн 152 миңден ашык көчөттөрү даярдалды. Бул Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле быйылкы жылы өлкө боюнча жалпы 64,6 миң тонна дан өсүмдүктөрүнүн үрөнү керектелет. Бүгүнкү күнгө карата 58,5 миң тонна үрөн топтолуп, камсыздоо 91% түздү.

Ал эми өлкө боюнча сулуу, күрүч, тамеки, чанактуулар жана соя өсүмдүктөрү 100% камсыздалды.

Ал эми жетпеген үрөндөр дотация аркылуу жана үрөн чарбаларда эркин сатууга коюлган үрөндөр менен камсыздалат.

Связанный пост