Быйылкы жылдын 5 айында санариптештирүүгө 146,8 млн сом бөлүндү

 Быйылкы жылдын 5 айында санариптештирүүгө 146,8 млн сом бөлүндү

2023-жылы Кыргыз Республикасын санариптик трансформациялоонун алкагында санариптик экономикага 500,0 млн сом өлчөмүндө каражат каралган.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин бир катар чечимдерине ылайык 500,0 млн сомдон 146,8 млн сом өлчөмүндөгү каражаттар бөлүштүрүлдү.

Маалымат катары, мамлекеттик органдар санариптештирүү үчүн каралган каражаттардын алкагында жалпы суммасы 349,3 млн сомду түзгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдеринин долбоорлорун демилгелегендигин маалымдайбыз, алар Кыргыз Республикасынын Президентинин иш башкармалыгынын кароосунда турат.

2023-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча республикалык бюджеттен жалпысынан 496,1 млн сом бөлүштүрүлдү. Бөлүнбөгөн каражаттардын калдыгы 3,9 млн сомду түзөт. Ошону менен катар, каржылоо тартылган мамлекеттик органдардан арыздардын келип түшүүсүнө жараша жүргүзүлөөрүн билдиребиз.

Связанный пост