Быйылкы жылдан баштап колледжердин улуттук рейтинги аныкталат

 Быйылкы жылдан баштап колледжердин улуттук рейтинги аныкталат

18-майда Билим берүү жана илим министрлигинин билим берүү системасын реформалоонун багыттары боюнча аймактык жогорку окуу жайлардын ректорлорунун жана педагогикалык багыттагы колледждердин директорлорунун катышуусунда коллегиянын жыйыны өттү.

Коллегиянын жыйынында билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Орто кесиптик билим берүүнүн азыркы абалы жана өнүгүү перспективалары” темасында баяндама жасап, буга чейин орто кесиптик билим берүүдө жасалган иштерге токтолуп, ушул жылдан баштап колледжердин улуттук рейтинги чыгарыла баштай тургандыгын билдирди.

“Быйыл орто кесиптик билим берүүдөгү мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу бир топ жылдан бери болбой калган. Быйыл 300дөн ашуун орто кесиптик билим берүүнүн мугалимдери квалификациясын жогорулатуу курстарынан өттү. Сапаттуу мугалим болмоюн, сапаттуу окуучу болушу мүмкүн эмес. Буга чейин жогорку окуу жайлар ортосунда рейтинг чыгарылып келсе, эми колледжердин арасында дагы рейтинг чыгарылат. Анткени атаандаштык болгон жерде өсүү, өнүгүү болот. Мындан улам баалоо институтун киргизиш керек”, – деди министрдин орун басары.

Ошондой эле Расул Абазбек уулу өзүнүн баяндамасында орто кесиптик окуу жайларындагы көйгөйлөрдү айтып, алдыдагы кесиптик стандарттарды иштеп чыгуу менен мамлекеттик стандарттарды жаңылоо керектигин айтты.

“Кесиптик стандарттардын негизинде жогорку орто кесиптик окуу жайлары өздөрүнүн негизги билим берүү программаларын жаңылап чыгышы кажет. Негизги билим берүү программаларын жаңылоодогу талаптардын бири жумуш берүүчү менен тыгыз байланышта болуш керек. Өзгөрүп жаткан дүйнөгө адаптация болуп, орто кесипке тиешелүү болгон секторлор менен тыгыз байланышта болуу зарыл”, – деп билдирди Расул Абазбек уулу.

Маалымат үчүн:  Республика боюнча 154 колледжде 92 миң 870 студент билим алат. Алардын ичинен 11 миң 133 студент – бюджеттик, 81 миң 737 студент – контракттык негизде окуйт. 154 колледждин 42си университеттердин ичинде болсо, 48 – мамлекеттик, 64 – мамлекеттик эмес колледж бар. Баткенде – 11, Ысык-Көлдө – 10, Ош – 23, Бишкек – 68, Нарында – 3 колледж.

Связанный пост