Быйылкы жазгы талаа иштерине күйүүчү май жетиштүү

 Быйылкы жазгы талаа иштерине күйүүчү май жетиштүү

Быйылкы жазгы талаа иштерине керектелүүчү 43 миң тонна дизель отуну толугу менен жетиштүү камсыздалган. Бул тууралуу Нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канатбек Эшатов “Биринчи радионун” түз эфиринен билдирди.

Анын айтымында, негизинен жазгы талаа иштерине 90 пайыз дизель отуну, 10 пайыздай бензин керектелет.

“Жыл сайын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги менен жыл башында меморандум түзүлүп, ошого жараша министрлик бизге канча көлөмдө күйүүчү май керек экендигин айтышат. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда керектелүүчү дизель жетиштүү, толугу менен камсыздоого жетет. Жыл сайын биз ушул кепилдикти алып, жазгы талаа иштери башталганда толугу менен канча керек болсо, ошончо көлөмдө камсыз кылып беребиз”,- деди Эшатов.

Эшатов белгилегендей, жылдын аягында күйүүчү майга суроо-талап азайганда Россиядагы нефтини кайра иштетүүчү заводдордо сезондук арзандатуулар болот. Ошол маалда нефтетрейдерлер өздөрүнүн корлорун чоңойтуп, күйүүчү майды көп көлөмдө сатып алышат.

“Өлкөдө февраль айынын орто ченинде түштүк аймакта жазгы талаа иштеринин башталышы менен суроо-талап жогорулап баштайт. Россиядан Кыргызстандан тышкары Өзбекстан, Тажикстан жана башка мамлекеттер да дизель отунун сатып алып баштайт да, дүң баалар жогорулайт. Ошол учурда биздин компаниялар баягы камсыздап алган корлордун эсебинен кескин түрдө баалардын жогорулап кетүүсүнө жол бербей, кармап турушат. Бирок, корлор азайган сайын бара-бара баа көтөрүлөт. Бизде коңшу мамлекеттерге салыштырганда 15-20 сомго күйүүчү май арзан”, – деди ал.

Связанный пост