Быйыл Жалал-Абад облусунда 65 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулат

 Быйыл Жалал-Абад облусунда 65 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулат

Быйыл Жалал-Абад облусунда 65 миңден ашык “акылдуу” эсептегич орнотулат.

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, эсептегичтер Сузак районунун Көк-Арт өрөөнүнө, ошондой эле Токтогул жана Ноокен райондоруна коюлат.

Белгилей кетсек, 2025-жылы облуста 82 миң “акылдуу” эсептегич орнотулган. Анын ичинде:

  • Сузак районунда — 34 711;
  • Базар-Коргон районунда — 33 650;
  • Майлуу-Суу шаарында — 7 165;
  • Кара-Көл шаарында — 6 501.

“Акылдуу” эсептегичтер электр энергиясын так эсептөөдөн тышкары, электр жабдыктарын ашыкча жүктөмдөн жана бузулуулардан коргоп, электр энергиясын алыстан көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Ошондо эле эсеп-кысап иштеринде адам факторун азайтып, керектелген электр энергиясы боюнча так жана ыкчам маалымат алууга шарт түзөт жана мыйзамсыз кошулууларды аныктоого жардам берет.

Связанный пост