Быйыл жайында Ысык-Көлгө 2,3 млн турист келген

2025-жылдын июнь-август айларында Ысык-Көл облусуна келген туристтердин саны 2 млн 334,3 миңди түздү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин Керектөө рыногунун статистикасы башкармалыгынын башчысы Люксина Текеева маалымат жыйынында жайкы туристтик сезондун жыйынтыгы боюнча айтып жатып билдирди.
Анын маалыматы боюнча, Ысык-Көл облусунун аймагында уюштурулбаган туристтерди кабыл алган 6 миң 330 үй чарбасы бар. Бул 2024-жылга салыштырмалуу субъектилердин саны 14 пайызга өскөнүн билдирет.
“Бул аймактагы туризмдин жана чакан ишкерликтин өнүгүп жаткандыгын көрсөтөт. Туристтердин негизги агымы Ысык-Көл аймагына туура келет. 2025-жылдын июнь-август айларында жалпы республикага 3 млн 533 миң турист келген. Чүй облусунда да оң динамика байкалууда, ал жалпы туристтердин санынын 9,5 пайызын түздү, Ош шаары боюнча жалпы сандан 7,5 пайызды, Ош облусу боюнча 3,6 пыйызды түздү. Туристтик агымдын өсүшү транспорт тутумунун жакшырышына жана шаар четиндеги туристтик комплекстердин активдүү өнүгүшүнө байланыштуу”, – деди ал.
Текеева уюшулган жана уюштурулбаган сектордо жайгаштырылган туристтердин саны өткөн жылдын жай мезгилине салыштырмалуу 1 млн 200 миңге, же 2,6 пайызга көбөйгөнүн маалымдады.