Быйыл Токтогул, Таш-Көмүр, Шамалды-Сайдын стадиондору колдонууга берилет

Быйыл Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларынын стадиондору колдонууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Маалым болгондой, КФБнын башкы катчысы Медербек Сыдыков жана КФБ президентинин кеңешчиси Аманбек Каскеримов Кыргызстандын түштүк аймактарына болгон иш сапарынын алкагында учурда курулуп жана реконструкциядан өтүп жаткан бир нече футбол объекттерине баш бакты. Атап айтканда, Токтогул, Таш-Көмүр жана Шамалды-Сай шаарларынын стадиондорунун курулушун жеринен текшеришти.

Аталган стадиондордо жарыктандыруучу заманбап шам-чырактар орнотулуп, оюн талаасы даярдалат. Ошондой эле трибуналар, чатырлар, трибуналар алдындагы бөлмөлөр, чуркоо аянтчалары курулуп, стадиондордун айланасын көрктөндүрүү боюнча иштери жүргүзүлөт.

Токтогул жана Таш-Көмүр шаарларынын стадиондору Улуттук лигада ойногон клубдардын карамагында болуп, алардын үй беттештери жана өспүрүмдөр арасындагы өлкө чемпионаттарынын оюндары өткөрүлөт.

Аталган үч объект 2025-жылдын күз айларында колдонууга берилет.

Связанный пост