Быйыл Талас облусунда төө буурчактын түшүмү 70,8 миң тоннаны түздү

 Быйыл Талас облусунда төө буурчактын түшүмү 70,8 миң тоннаны түздү

Быйыл Талас облусу боюнча төө буурчактын түшүмү 70,8 миң тоннаны түздү. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Дыйкандарды колдоо жана фасолдун баасын турукташтыруу максатында министрлер кабинети “Кыргыз агрохолдинг” ААКка төө буурчак сатып алуу үчүн 100 млн сом бөлгөн.

Натыйжада дыйкандарды колдоо максатында 1 килограмм фасоль 95 сомдон сатып алынууда (башка сатып алуучулар фасолду 92 сомдон кабыл алууда).

2023-жылы 53,6 миң гектар аянтка фасоль эгилип, жалпы түшүм 72,3 миң тоннаны түзгөн. Ал эми 2024-жылы эгилген фасолдун аянты 53,2 миң гектардан ашып, жалпы түшүм 82,5 миң тонна болгон. Орточо түшүмдүүлүк 1 гектардан 18,4 центнерди түзгөн.

Быйыл өлкө боюнча 55,8 миң гектардан ашык жерге эгилген. Жалпы түшүм 84,2 миң тонна болуп, орточо түшүмдүүлүк гектарына 15,7 центнерди түзүүдө. Андыктан, айрым жеке тараптардын “100 миң тоннадан ашуун төө буурчакты алган кардарлар жок, баасы бир килограммына 60 сомдон ашпай жатат”, – деген такталбаган маалыматтары чындыкка дал келбейт.

Учурда Талас облусунда  фасоль төмөнкү баалар менен сатылууда:

  • скороспелка сорту  – 155 – 160 сомдон;
  • лопатка  – 95 сомдон;
  • томат  – 92 сомдон.

Связанный пост