Быйыл Талас облусунда 220 чакырым жол оңдолот
Талас облусунда быйылкы жылы жалпысынан 220 чакырым жол жасалат.
Транспорт министрлигинен билдиришкендей, учурда 61 чакырым жолду курууга каражат бөлүнүп, иш башталды.
Белгиленгендей, 220 чакырым жолдун 61 чакырымы титулдук тизме боюнча жана 160 чакырымы “Мамлекеттик капиталдык салымдар” беренеси боюнча курулуп жана оңдолот.
31-август эгемендүүлүк майрамынын салтанатына карата жол куруу жана оңдоо иштеринин 70-80%ы аткарылуусу мерчемделүүдө.