Быйыл Талас облусуна 192,8 млн сом каралды
2022-жылы Талас облусуна 191,7 млн сом бөлүнгөн, а эми 2023-жылы 192,8 млн сом менен бекитилди. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сөз бөлүмү маалымдады.
Маалыматка ылайык, Талас облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 191,7 млн сом акча каражаты каржыланган. Ошондой эле облус боюнча 2022-жылдын ичинде 25 долбоор ишке ашырылып, ага 52,7 млн. сом акча каражаты каржыланды, анын ичинен:
- Мектептерге 14 долбоор- 28,5 млн.сом;
- Саламаттыкты сактоо мекемелерине 1 долбоор- 0,900 млн сом;
- Спорттук курулуштарга 2 долбоор- 5,3 млн сом;
- Маданий маанидеги обьектилер 2 долбоор – 4,8 млн сом;
- Бала-бакчаларга 6 долбоор -13,2 млн. сомго акча каражаты каржыланды.
Капиталдык салымдар беренесинен Талас облусу боюнча 2022-жыл ичинде 348,2 млн сом каралган, толугу менен каржыланган.
2023-жылга республикалык бюджеттен Талас облусуна 192,8 млн сом каралат:
- Талас району- 58,5 млн. сом;
- Бакай-Ата району- 37,4 млн. сом;
- Кара-Буура району- 86,4 млн. сом;
- Манас району- 10,5 млн. сом;