Быйыл Талас облусуна 192,8 млн сом каралды

 Быйыл Талас облусуна 192,8 млн сом каралды

2022-жылы Талас облусуна 191,7 млн сом бөлүнгөн, а эми 2023-жылы  192,8 млн сом менен бекитилди. Бул тууралуу КР Финансы министрлигинин басма сөз бөлүмү маалымдады.

Маалыматка ылайык, Талас облусу боюнча 2022-жылдын ичинде республикалык бюджеттин эсебинен бюджеттер аралык трансферттер катары жалпысынан 191,7 млн сом акча каражаты каржыланган. Ошондой эле облус боюнча 2022-жылдын ичинде 25 долбоор ишке ашырылып, ага 52,7 млн. сом акча каражаты каржыланды, анын ичинен:

  1. Мектептерге 14 долбоор- 28,5 млн.сом;
  2. Саламаттыкты сактоо мекемелерине 1 долбоор- 0,900 млн сом;
  3. Спорттук курулуштарга 2 долбоор- 5,3 млн сом;
  4. Маданий маанидеги обьектилер 2 долбоор – 4,8 млн сом;
  5. Бала-бакчаларга 6 долбоор -13,2 млн. сомго акча каражаты каржыланды.

Капиталдык салымдар беренесинен Талас облусу боюнча 2022-жыл ичинде  348,2 млн сом каралган,  толугу менен каржыланган.

2023-жылга республикалык бюджеттен Талас облусуна 192,8 млн сом каралат:

  1. Талас району- 58,5 млн. сом;
  2. Бакай-Ата району- 37,4 млн. сом;
  3. Кара-Буура району- 86,4 млн. сом;
  4. Манас району- 10,5 млн. сом;

Связанный пост