Быйыл сугат суу 1 млрд куб метрге көп берилди

 Быйыл сугат суу 1 млрд куб метрге көп берилди

Быйыл былтыркыга салыштырмалуу 1 млрд куб метрге сугат суу көп берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, 1 млн 184 миң га жер сугарылды.

Ошол эле маалда 2030-жылга чейин пландаштырылган 106 суу сактоочу БДР, БСРдин ичинен 10унун курулушу бүтүп, 12 объектиде курулуш иштери аткарылып, 29 объектиде долбоорлоо иштери жүрүүдө.

“429,5 чакырым каналдар, 302 гидротехникалык курулмалар, 123 суу өлчөөчү пост, 91 насостук станция, 156 насостук агрегаттар оңдолуп тазаланса, 9 насостук агрегат алмаштырылды. Ошондой эле 53,5 чакырым коллектордук-дренаждык система тазаланды”, – деп айтылат маалыматта.

Ал эми тамчылатып, жамгырлатып сугаруу жалпы 8 миң 365 га аянтта орнотулса, анын ичинен 1 миң 702 га – мамлекеттик жерлерге жана 6 миң 663 га – жеке менчик фермерлердин жерлерине орнотулган.

1 155 суу скважинанын ичинен 30у калыбына келтирилип, бетон полотносун чыгаруучу заводдун курулушу башталды. 2025-жылы 500 миң чарчы метр каналга бетон полотносун орнотуу иштери жүрүп жатат.

Связанный пост