Быйыл санариптештирүүгө жарым миллиард сом бөлүндү
«Кыргыз Республикасынын 2023-жылга республикалык бюджети жана 2024-2025-жылдарга пландаштыруу мезгили жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамында КР Финансы министрлиги тарабынан “Санариптик экономика” санариптик трансформациясынын долбоорлорунун ишке ашырууга 500,0 млн сом өлчөмүндө каражат каралган. Бул тууралуу КРнын Финансы министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
2023-жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдерине ылайык 500,0 млн сомдон 499,7 млн сому бөлүндү, бөлүштүрүлбөгөн каражаттардын калдыгы 0,3 млн сомду түзөт.
2023-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча министрликтер жана ведомстволор тарабынан 34,6 млн сому өздөштүрүлдү.