Быйыл Нарын облусуна 100 миңден ашык туристтер келип, түшкөн киреше 5 эсеге көп болду

 Быйыл Нарын облусуна 100 миңден ашык туристтер келип, түшкөн киреше 5 эсеге көп болду

Быйылкы жылы Нарын облусуна 100 миңден ашык туристтер келип, келген туристтердин саны өткөн жылга салыштырганда 3 эсеге, алардан түшкөн киреше 5 эсеге көп болду. Бул тууралуу КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Тактап айтканда, 2022-жылдын 9 айында 32 813 турист келип, 9 млн сом киреше түшсө, быйылкы жылдын 9 айында туристтердин саны 100 630ка жетип, кирешеси 49 млн сомду түздү.

Туризм тармагындагы мындай өсүш бул тармакка жетекчилик тарабынан өзгөчө көңүл бурулуп, туура багытта иш алып барылып жаткандыгынан кабар берет.

Туризм тармагындагы жетишкендиктер, көйгөйлүү маселелер жана алдыда жасалчу иштер тууралуу бүгүн, 21-ноябрда КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында өткөрүлгөн кеңешмеде кеңири талкууланды.

Кеңешменин ишине Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Нурбек Сатаров, КР Экономика жана коммерция министринин орун басары – Туризм департаментинин директору Самат Шатманов, КР Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду ачык акционердик коомунун төрагасынын орун басары Кылыч Рысалиев, КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгынын башчысы Шабдан Абдырайым уулу, Нарын облустук туризм ассоциациясынын төрагасы Талант Ниязбеков, ошондой эле Туризм тармагын өнүктүрүү боюнча облустук Кеңештин мүчөлөрү, облустагы туристтик формалардын жетекчилери, жергиликтүү бийликтин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.

Иш чарада КР Экономика жана коммерция министринин орун басары – Туризм департаментинин директору Самат Шатманов Кыргызстандагы стабилдүүлүктүн, туризм тармагына көңүл буруунун натыйжасында 2 жылдан бери туристтердин саны көбөйүп, быйыл 7 миллионго жакын туристтер келгенин маалымдады. Туризм тармагында алектенген ишкерлерге жеңилдетилген насыяларды берүү, туристтик приоритеттүү жайларды аныктоо, жер салыктарын азайтуу, респоинттерди куруу багытында иштер жүрүп жаткандыгын, тармактагы көйгөйлөрдү биргелешип чечсек туризмден түшкөн киреше жыл сайын көбөйөөрүн айтты.

КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын Реформалар, санариптик өнүктүрүү жана креативдүү экономика башкармалыгынын башчысы Шабдан Абдырайым уулу: “2022-жылы Нарын облусуна 34 миң турист келиптир. Быйыл 100 миң турист тарталы деп план коюп, январь айынан баштап ар кандай форум, семинарларды уюштуруп аракет көрө баштадык. Март айында Бишкекте турфирмалардын өкүлдөрүн чогултуп, алдыдагы иш чараларга (Шырдак фестивалы, этно фестивалдар, Ормон Хандын 230 жылдыгы ж,б) чакырууларды бердик. Ошол иштер натыйжасын берип, акимдердин, ишкерлердин, статистика кызматерлеринин жардамы менен 9 айда 100 миңден ашык турист келгенин аныктадык. Кийинки жылга чоң-чон туристтик сектордогу бизнесмендерди Нарын олусуна тартуу максатын коюп атабыз. Облустун аймагында 17 туристтик лагерлерди куруу боюнча локациялар аныкталып, 1 локацияга глэмпинг лагери курулган болсо, 4 локацияга келишимдер түзүлгөн. Учурда 12 локация глемпингдерди куруу үчүн ишкерлерди күтүүдө»,-деп билдирди.

Кеңешмеде аппараттын Санариптик өнүктүрүү жана креативдик экономика бөлүмүнүн башчысы Курманбек Кудайбергенов туризм тармагында аткарылган иштер жана алдыдагы пландар боюнча кеңири маалымат берди. Тармактагы негизги көйгөйлөр жол, инфратүзүм, тейлөө маселелеринде экенин, туризм тармагындагы ишкерлерди колдоо үчүн Нарын облустук «Теңир Тоо» өнүктүрүу фондунан да колдоолор болуп, 3 долбоор каржылануу алдында турганын маалымдады.

Иш чарада көйгөйлүү маселелер ортого салынып, чечүү аракеттери талкууланды.

Связанный пост