Быйыл Кыргызстанда тамак-аш азыктары 11,9 млрд сомго көп өндүрүлдү

 Быйыл Кыргызстанда тамак-аш азыктары 11,9 млрд сомго көп өндүрүлдү

2024-жылдын январь-сентябрь айларында бардыгы болуп 3 млрд 800 млн сомго 1006 айыл чарба техникасы лизингге берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, быйыл былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 156 техникага, же 700 млн сомго көп берилди.

Жаңы ачылган машина-трактордук станциялар (МТС) саны 15 бирдикке жетип жана 47 айыл чарба кооперативдери түзүлдү. Тамчылатып сугаруу системасын орноткон субъекттердин саны 806 бирдикке жетип, алардын ээлеген аянты 1321 га түздү. Түзүлгөн күнөскана чарбалары 22 бирдикке жетип, ээлеген аянты 5,9 га түздү.

Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, 2024-жылдын январь-сентябрь айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай тармагында 61,4 млрд сом көлөмүндө тамак-аш азыктары өндүрүлдү, же 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,9 млрд сомго көп өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси (өсүү темпи) – 122,6 пайызды түздү.

2024-жылдын январь-сентябрь айларында соода-логистикалык борборлордун саны 34 түзүп 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 бирдикке көп. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин тогуз айдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегиялык жыйында айтылды.

Коллегиянын жыйынтыгында 2024-жылдын тогуз айындагы жетишкендиктер белгиленип, орун алган көйгөйлөр, кемчиликтер көрсөтүлүп, аларды чечүү боюнча чечимдер кабыл алынды. Үстүбүздөгү жылдын соңуна чейин министрликтин стратегиялык, орто жана кыска мөөнөттүү пландарын ишке ашыруу боюнча тапшырмалар берилди.

Связанный пост