Быйыл Кыргызстанда мектептеги тамактанууга бюджеттен 1,4 млрд сом каралган

 Быйыл Кыргызстанда мектептеги тамактанууга бюджеттен 1,4 млрд сом каралган

Ысык-Көл облусунун Чок-Тал айылында 21-октябрдан 23-октябрга чейин “Билим берүүнүн натыйжаларын жакшыртууга системалык мамиле (SABER): мектептеги тамактануу” деген темада семинар өтүп жатат.

Семинар БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын техникалык колдоосу менен Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлүүдө.

Билим берүү министрлиги билдиргендей, иш-чара SABER көрсөткүчтөрүнүн жана параметрлеринин негизинде мектептеги тамактануу программасын баалоого, кызыкдар тараптарды бириктирүүгө жана иш-аракеттердин багытын аныктоого багытталган.

Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Айнура Кусеинова семинарда жасаган баяндамасында 2023-2024-окуу жылынын аягында 2 140 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте башталгыч класстардын 600 миңге жакын окуучусу ысык тамак менен камсыз болгонун билдирди.

Анын айтымында, БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 920 мектепке, ал эми Мерсико 900 мектепке колдоо көрсөтүп келет.

“Эгерде 2022-2023-окуу жылында мектеп окуучуларынын тамактануусуна республикалык бюджеттен 652 млн 12,9 миң сом бөлүнгөн болсо, 2024-жылга 1 млрд 495,9 млн сом каралган”, – деди ал.

Связанный пост