Быйыл Кыргызстанда дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү мол болду

 Быйыл Кыргызстанда дан өсүмдүктөрүнүн түшүмү мол болду

Кыргызстанда дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү былтыркыга салыштырмалуу жогору болду. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин өсүмдүк өстүрүү, багбанчылык боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идирисов радиолордун бирине берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, сапаттуу үрөн, жаңы агро техникаларды туура пайдалануунун жана жер семирткичтердин жетиштүү көлөмдө берилгендигинин аркасында дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү былтыркыга караганда мол болду.

“Бүгүнкү күндө дан өсүмдүктөрү 100% жыйналып, 2025-жылдын үрөнүн себүү иштери 45%га бүтүп калды. Түшүмдүүлүк боюнча буудайды ала турган болсом, орточо бир гектардан 32 центнер түшүм алынды. Бул былтыркы жылга салыштырмалуу 4-5 центнрге көбүрөөк. Арпа быйыл 24-25 центнерден айланып, былтыркыга караганда 3-4 центнерге көп жыйналды. Ал эми чанактууларды алсак, 15 центнер чыкты, бул былтыркыгы салыштырмалуу 8%га көп. Жалпысынан алганда, дан өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгү былтыркы жылга салыштырмалуу бир кыйла жогору”, – деди ал.

Связанный пост