Быйыл Калкты тейлөө борборлору тарабынан 3,6 млн кызмат көрсөтүлдү
Жыл башынан бери Калкты тейлөө борборлоруна 3,6 млн кайрылуу түшүп, анын ичинен 527 миң кызмат онлайн форматта көрсөтүлгөн. Бул тууралуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинен билдиришти.
Санарип кызматтардын ичинен даректи каттоо жана ар кандай маалымкаттарды алуу эң көп талап кылынган. Ошол эле учурда ID-картаны онлайн алмаштыруу боюнча активдүүлүк төмөн бойдон калууда, 3 миң арыздын ичинен болгону 1 миң документ берилген. Ушуга байланыштуу кызматтарды санарип форматка өткөрүү иштерин күчөтүү тапшырылды.
Жыйындын негизинде 2026-жылга карата артыкчылыктуу багыттар катары онлайн-кызматтарды кеңейтүү, кезектерди кыскартуу, тейлөөнүн сапатын жогорулатуу жана коррупцияга каршы чараларды күчөтүү аныкталды.
Белгиленгендей, учурда Кыргызстанда 52 калкты тейлөө борбору, 2 Бакыт өргөсү, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларында чет өлкөлүк жарандарды тейлөө боюнча 2 бөлүм иштеп жатат.